Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:19

Германиянын тышкы иштер министринин Грузия, Абхазия жана Орусияга иш сапары башталды


Германиянын тышкы иштер министринин Франк-Валтер Штайнмайердин бул сапары менен грузин-абхаз чатагын жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Министр Штайнмайер Тбилиси менен Сухумини тил табышып, диалог баштоого, зордук-зомбулуктан баш тартууга үндөдү. Өз кезегинде Абхазиянын тышкы иштер министри Сергей Шамба Грузия талаштуу деп эсептелген Кодори капчыгайынан аскерин чыгарып кетүүгө тийиш экенин айтты. Өз сөзүндө министр Шамба 1990-жылдары Абхазиядан качып кетүүгө мажбур болгон 25 миң этникалык грузиндердин кайтып келүүсүнө макулдугун берерин кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG