Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:00

Кувейт Иракка элчисин жиберүүнү чечти


Кувейт 1990-жылдан бери биринчи жолу Иракка өз элчисин жиберүү чечимин кабыл алды. Саддам Хуссейндин жетекчилиги учурунда Ирак Кувейтти окуппациялагандан кийин Кувейт Багдадда өз өкүлчүлүгүн жабууга мажбур болгон эле. Кабарларга ылайык, Кувейттин Ирактагы жаңы элчиси болуп армиянын башкы штабынын мурдагы жетекчиси Али ал-Момен дайындалды. АКШ араб өлкөлөрүнүн жетекчилерине кайрылып, Багдадда элчиликтерин ачууга үндөгөн. Жакында эле Иракта өз элчиликтеринин ишин кайрадан жандандырарын Иордания жана Бириккен Араб Эмираттары билдирген болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG