Көргөзмө 26-июлда башталып, 31-июлга чейин созулат.Ага Орто Азия өлкөлөрүнөн келген кол өнөрчүлөр, чеберлер өздөрүнүн буюм-тайымдары менен катышат. Көргөзмө 26-июлда Бишкекте ачылып, 27-июлда Чолпоната шаарында уланат. Үч жылдан бери өткөрүлүп келаткан бул фестиваль Маданият жана маалымат министрлигинин “Маданий 100 долбоор” программасынын алкагында уюштурулууда. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министрлигинен кабарлашты. (AiT)