Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:12

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Кечээ Бишкек шаардык кеңеши шаар башчысын шайлады. Шаар мэрин шайлоо өнөктүгү тууралуу саясат таануучу Токтогул Какчекеев ой-пикирлери менен бөлүштү.

- Үч жылдын ичинде Бишкекте шаар мэри бешинчи жолу алмашып отурат. Кыска мөөнөттө шаар жетекчилеринин улам алмашышына кандай көз караштасыз. Эмне себептен мындай көрүнүштөр болуп жатат?

- Бул өтө татаал суроо. Анткени, мамлекеттик башчынын стратегиясы, оюу жана кандай максаттары бар экенин биз ачык укканбыз. Ошондо ал киши айткан эле, “биз эң мыкты, тажрыйбалуу, профессионалдуу адистерди ишке алып келишибиз керек” деп. Андан бери үч жыл өтүп бара жатат. Алмашуулар жеке эле биздин шаардык мэрияда эмес, губернатор тарапта, министрликтерде болуп жатат. Менин оюмча бул жерде тандоо маселеси жүрүп жатат. Үч жылдын ичинде революционерлердин баары бийликке келишкен. Ошонун арасында эми эң мыкты революционерлер ишке келиш керек деген ой жүгүртүүгө болот. Ошондуктан бүгүнкү күндө өкмөттүк жыйында президент айткан, Нариман Түлеевге окшогон мындай адамдарды көтөрүш керек дегенден кийин шаардын мэрлигине шайланып отурат. Мен ойлоп турам. Бүгүнкү күндө “Алтын Эйрдин” жасаган ишин кыргыз мамлекетинин борбор шаарында турган эл мактап же болбосо канааттангандай сөз айта албайт. Анткени шаарыбыз бүгүнкү күндө урап бара жатат, акыр-чикирге толуп баратат. Ушул маселелер президентти көп ойлонтуп жатса керек деген ой бар.

- Шайлоо өнөктүгүнө кайрылсак, шаар башчысын Шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу шайланышы канчалык деңгээлде демократиялык нормаларга, принциптерге туура келет?

- Мисалы, демократиянын алиппесинен караганда, анда бул маселе бул мэрди шайлаганда ошол эле партиянын тобу, ошол эле коомчулук өзүнүн альтернативдик жолу менен эң мыкты деген талапкерлерди шайлоого коюп, анан барып шаардын эли шайлаш керек. Бирок биз кыргыз мамлекети Орусиянын жолуна өткөндүктөн бүгүнкү күндө мэрди, акимди президент өзү көрсөтүп, анан жергиликтүү кеңештер аны бекитип коюп жатат. Анын үстүнө жакын арада президентибиз айтпадыбы “мэрлер, акимдер, алардын баары тең менин өкүлүм болуп эсептелет” деп. Ошондуктан бул маселе ушундай жол менен чечилип жатат деген ой бар.

- Жаңыдан шайланган мэр Нариман Түлеевдин шайлоодо бир гана атаандашы болуп, анын үстүнө ал добуш берүүнүн алдында өзүнүн талапкерлигин алып салды. Бул жерде эми атаандаштык деле болгон жок да. Шайлоонун жыйынтыгы күтүүсүз болгон жок, бул формалдуу гана болду деген пикирлер канчалык жүйөлүү?

- Президенттин укугу боюнча бекилгенден кийин, бул маселени жобого ылайыкташтырып, адалдап коюш керек. Анткени, мэрдин иши оор, мамлекеттин жүзү бул борбор шаар болот. Ошондуктан борбор шаардын мэри формалдуу, башкача айтканда мамлекетте чоң бийликтин экинчи ээси болуп эсептелет. Андыктан, бул кызматка коёрдун алдында өтө кылдаттык менен ошол эле элдин, ошол эле шаардын жашоочулары менен, ошол эле көпчүлүк партиялардын жетекчилери менен, коомдун кыймылы менен тандап, эң мыктысын чыгарыш керек эле. Аны шаардын калкы шайлоо жобосу менен шайлаш керек эле. Ошондо туура болмок. Биздин саясий жол Орусиянын жолу менен кеткендиктен ушундай көрүнүштөр орун алып жатат.

- Эл аралык практикада шаар мэрин шайлоо кандай жол менен жүргүзүлөөрү тууралуу угармандарбызга да азыноолак түшүндүрмө берип кетсеңиз.

- Демократиялык жолду жолдогон батыш мамлекеттерде чоң шайлоого барар алдында мисалы, президентти шайлаар алдында адегенде муниципиалдык шайлоо округдарында партиялар күч сынашат. Анан чоң-чоң шаарлардын мэрлерин шайлаганда партиялардын баары тең элге кайрылып, өзүнүн ишин өткөрүп, экинчи баскычта чоң деңгээлдеги орунга өзүлөрүнүн өкүлдөрүн шайлайт. Анан жергиликтүү бийликтин көпчүлүгүнө ээ болгон адамдар өзүнүн президентинин шайлаган талапкери өтөт деген ойго келишет да анан ат салышат. Бул демократиялык жол, тепкич-тепкич менен жүрүп отуруп, акырында президентти шайлашат.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG