Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

АКШ өкмөтү Ооганстандын саламаттыкты сактоо тармагына 218 миллион доллар жардам берет


Мындай келишимге бүгүн кол коюлду. Жардам 5 жылдын ичинде Ооган өкмөтү аркылуу берилмекчи. Ооганстандын саламаттыкты сактоо жана каржы министрликтери сөз болгон каражатты өзү билгендей жумшайт. Парижде өткөн донорлордун конференциясында ооган жетекчилери жардамдын ири бөлүгү чет өлкөлүк фирмалар же бейкөмөт уюмдар аркылуу берилип, жергиликтүү мекемелердин финансылык мүмкүнчүлүктөрү өнүкпөй жатат деп арызданышкан. Айрым донор-мамлекеттер болсо Ооганстандагы коррупциядан чочулап, тикелей жардам берүүнү жакташпайт.

XS
SM
MD
LG