Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

АКШнын Тегеранда дипломатиялык өкүлчүлүк ачуу планы жок


Британиялык “Гардиан” гезитинин жазышынча, Вашингтон андай чечим тууралуу эмки айда жарыяламакчы. Өткөн аптада мамлекеттик катчынын орун басары Уильямс Бөрнс Тегеранда АКШнын өкүлчүлүгүн орнотууну “кызыктуу концепция” деп атаган. Бир нече күн мурун президент Буштун администрациясы Бөрнс Ирандын жогорку өкүлү менен сүйлөшүүлөргө катышат деп жарыялаган. Сүйлөшүү 19-июлда Женевада өтөт. АКШ менен Иран ортосундагы дипломатиялык алакалар 1979-жылы америкалык элчиликтеги барымта кризиси маалында үзүлгөн.

XS
SM
MD
LG