Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:43

Кыргызстанда быйыл “Динге ишенүү эркиндиги жөнүндө” жаңы мыйзам иштей башташы күтүлүүдө. Дин иштери боюнча кыргыз өкмөтүнүн алдындагы агенттиктин мыйзам долбоорун сентябрда парламент карамакчы. Эгерде ал кабыл алынып, ишке кирип калса, өлкөдөгү диний секталарга, уюмдарга каттоодон өтүү бир топ кыйын болуп калат. “Азаттыктын” кабарчысы Төрөкул Дооровдун суроолоруна жооп берип жатып, аталган агенттиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиев өлкөдөгү диний процесстерге эми мамлекеттин да кийлигишүүсү керек болуп жатканын белгиледи. Анын себептерин К.Осмоналиев төмөндөгүдөй түшүндүрдү.

Каныбек Осмоналиев: - Биз сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда диний уюмдарга каттоодон өтүүдө, чынында эле, бир топ кыйынчылыктарды туудура турган жагдайлар бар. Муну да туура түшүнүш керек. Анткени биз азыр жашап жаткан Дин жөнүндөгү мыйзамдын (бул мыйзам 1991-жылдан бери иштеп жатат – ред.) өтө эле либералдуулугунан пайдаланып, дүйнөдөгү баардык диний уюмдардын өкүлчүлүктөрү топтолуп алышкан. Алардын ичинде айрым деструктивдүү секталар (“бузуку секталар” – ред.) да бар. Өлкөдө азыр 2163 диний уюм расмий түрдө каттоодон өткөн. Алардын ичинде традициялык конфессиялардан калктын 80% түзгөн ислам дини, 11% камтыган православ христиандар, ал эми акыркы 15 жылда протестанттардын түрдүү агымдары абдан көбөйүп кеткени байкалууда. Бирок алардын көпчүлүгүнүн ишмердүүлүгү кыргыз коомундагы стабилдүүлүккө коркунучун тийгизип жатканы сезилет.

Төрөкул Дооров: - Мисалы...

Каныбек Осмоналиев: - Мисалы бир эле үй-бүлөдө бир канча диндердин өкүлдөрү жашашат. Атасы мусулман болсо, балдары протестанттар.

Төрөкул Дооров: - Мында эмне коркунучу бар?

Каныбек Осмоналиев: - Сырттан алып караганда, эч кандай деле коркунуч болбошу керек. Себеби ар бир жаран кайсыл динге ишенүүнү өзү чечкенге укуктуу. Бирок биз менталитетти эске алышыбыз керек...

Төрөкул Дооров: - Демек, сиздин оюңузча, кыргыз менталитетине ылайык, үй-бүлөдөгү баардык мүчөлөр бир гана динди тутунушу керек экен да, ээ?

Каныбек Осмоналиев: - Өзүңүз ойлоп көрүнүз, мисалы, атасы көзү өтүп кетсе, ал мусулман жайына коюлуп жатат. Ал эми баласы баптист болгондуктан, христиандардын мүрзөсүнө коюлат. Натыйжада, үй-бүлөнүн мүчөлөрү калгандарын да бир эле мүрзөгө коюшуңар керек деген маселе коюлуп жатат. Мунун өзү үй-бүлөлөрдөгү конфликтке, ажырашууларга алып келүүдө.

Төрөкул Дооров: - Жакында Нарында да ушуга окшогон окуя болду эле...

Каныбек Осмоналиев: - Мен да ошону айтайын деп жатам. Ал жерде Куланак айылында 200 түтүн жашайт экен. Алардын ичинде эки түтүн баптисттер экен, калгандары – мусулмандар. Ошол жердеги баптисттердин үй-бүлөсүндөгү 14 жаштагы бала жүрөгүнөн ооруп, каза тапкан болчу. Аны баптисттер үчүн атайын бөлүнгөн жерге көмөлү дешсе, жергиликтүү эл да, бийликтер да ага каршы чыгышыптыр. Себеби, ал жер башка бир адамга бөлүнгөн жерге туура келип калган дешти. Мында, албетте, бийликтер антип тыйуу салууга укугу жок болчу. Иши кылып, мунун баары конфессиялардын ортосундагы конфликтке алып келип жатат. Акыр аягында мунун баарын мамлекет чечүүгө аргасыз болууда. Бизде мамлекет менен дин бири-биринен ажыратылганы менен, конфессиялардын көптүгүнөн улам чыккан ушундай маселелерди кайра эле мамлекет көзомөлдөшү керек болуп жатат. Азыр “прозелитизм” деген жаңы термин көп айтыла баштады. “Прозелиттер” деп бир динден экинчи динге өткөндөрдү айтабыз. Тилекке каршы, прозелиттердин көбөйүшү да бейстабилдүү кырдаалды түзөт.

Төрөкул Дооров: - Жакында Кыргызстанда молдолор экзамен тапшырышты. Сиздердин, Дин башкармалыгынын демилгеси менен өткөн бул аттестацияга чакырылган молдо-имамдардын 30% билимин текшерүүгө такыр эле келбей коюшту. Эми аларга каршы кандай конкреттүү чара көрүлөт?

Каныбек Осмоналиев: - Бул Кыргызстандын Мусулмандар башкармалыгынын демилгеси болон. Биз аны колдодук. Муфтий өзү баш болуп, аны март-апрель айларында өткөрдүк. Ал дагы эле уланууда. Сиз айткандай, 30% келбей койду, булар - өзүнө, өзүнүн билимине ишене албагандар деп түшүнөбүз. Көп жерлерде Куранды жөн эле жаттап алып эле өзүн “имам” деп, мечиттерди ээлеп олтургандар бар. Ал эми Ислам институттарында, чет-мамлекеттерде теологиялык терең билим алып, бирок азырга чейин жумуш менен камсыз боло албай, анын натыйжасында Орусияда, Казакстанда имам болууга аргасыз болуп жүргөн жаш кадрларыбыз бар. Ошол аттестациянын негизги максаты да Кыргызстандагы имамдардын билим деңгээлин жакшылап текшерип, алардын арасындагы “чала молдолордун” оордуна сабаттуу кадрларды коюу болчу.

Төрөкул Дооров: - Сөзүңүздүн башында жаңы кабыл алынганы жаткан мыйзам долбоору диний уюмдарды каттоодон өтүү системасын бир топ татаалдаштыра турганын айттыңыз эле. Тагыраак айтканда, уюмдарга кандай талаптар коюлат?

Каныбек Осмоналиев: - Азыр биз жашап жаткан Дин жөнүндөгү мыйзамдын талаптарына ылайык, диний уюм ачыш үчүн ар бир региондон 10дон эле адамдын колу талап кылынат. Жаңы мыйзам долбоорунда ар бир региондон кеминде 200дөн адамдын колу болушу керек.

Төрөкул Дооров: - Бул талап саясий партияларды түзүүгө коюлуп жаткан талаптай эле болуп калган турбайбы?

Каныбек Осмоналиев: - Бул – дүйнөлүк практика. Мисалы, Европанын борборунда олтурган Австрияда диний уюм түзүш үчүн ар бир региондон кеминде 300дөн кол топтош керек. Польшада болсо болгону 20 адамдан. Эмне үчүн мындай айырма? Себеби Польшада жашаган калктын 99% - католиктер. Аларда башка агымдардын үстөмдүгү пайда болот деген коркунуч жок. Ал эми Австрия, Кыргызстандай эле, көп конфессиялуу мамлекет. Демек, ар бир мамлекет өзүндөгү өзгөчөлүктөрдү эске алып туруп, талапты ошого жараша коюп жатат. Жакынкы мамлекеттерден Тажикстанда 100, Өзбекстанда 100, Түркмөнстанда азыр 5, Казакстан менен Орусияда 10 адамдан ар бир региондон кол талап кылынат.

Төрөкул Дооров: - Ошентип, эгерде жаңы мыйзам ишке кирсе, жалпы постсоветтик мамлекеттердин ичинде диний уюмду түзүү үчүн эң оор талаптар Кыргызстанда иштеп калат турбайбы?

Каныбек Осмоналиев: - Азырынча Армения менен Беларуста жогорураак. Арменияда 300дөн кол сурашат, Беларуста болсо - 500.

Төрөкул Дооров: - Бул аракеттердин баары Кыргызстанда диний абал боюнча коркунуч күчтүү дегенди билдиреби?

Каныбек Осмоналиев: - Коркунуч жогору болуп жаткандыктан ушинтип жатабыз да. Анткени көп деструктивдүү диний агымдар өздөрүнүн ишмердүүлүгүн мыйзамдын чегинде ачык эле жасап жатышпайбы. Прозелитизм, мисалы, Өзбекстанда, Тажикстанда, Казакстанда тыйуу салынган. Кыргызстанда азырынча буга такыр эле тыйуу салуу тууралуу айта элекпиз, бирок конфессиялар ортосундагы дурус мамилени камсыз кылуу чаралары аныкталат.

Төрөкул Дооров: - Акыркы сүйлөмүңүздү түшүнбөдүм...?

Каныбек Осмоналиев: - Мисалы кайсыл бир жаран мусулман болуп туруп, эми христиан болом деп, динин алмаштырып жатат. Ал бул ниетин ачык айтышы керек.

Төрөкул Дооров: - Кимге, кандай формада? Арыз жазышы керекпи?

Каныбек Осмоналиев: - Жок, арыз бериштин кереги жок. Ошол өзүнүн айылындагы молдого айтса болот. Бирок бул абдан чоң талаш-тартышты тудуруп жатат. Ошондуктан биз бул талапты алып салат окшойбуз.

Төрөкул Дооров: - Бул талаптын өзү максаты эмнеде эле? Логикага сыйбай тургандай туюлуп жатат...

Каныбек Осмоналиев: - Бир эле учурда бир канча динде жүргөндөр бар. Өзү мусулман болгону менен баптисттердин укугун коргошу мүмкүн. Анткени ал жактан акча алып турат. Ошол жагдайларды так көрсөтүп алышыбыз керек.

Төрөкул Дооров: - Каныбек мырза, эгер мүмкүн болсо, сизге жекече суроо: Сиз өзүңүз динге ишенесизби? Кайсыл динге ишенесиз?

Каныбек Осмоналиев: - Мен өзүм мусулманмын. Мусулмандардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Бирок биз ортодоксалдык мусулман эмеспиз деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: - Намаз окуйсузбу? Орозо кармайсызбы?

Каныбек Осмоналиев: - Намаз окубайм, орозо мурда кармачумун.

Төрөкул Дооров: - Маегиңиз үчүн рахмат!
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG