Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:17

18:06 Ысык-Көл райондук администрациясы Акыйкатчыны сотко берүүгө камданууда


Чолпон-Ата шаарындагы базардын чырынан үч адам кайтыш болду деген Турсунбек Акундун маалыматын жергиликтүү бийлик четке какты. Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Көчөрбай Атабеков жалган билдирүү тараткан акыйкатчы жооп берүүгө тийиш деп эсептейт. Бирок, алтынчы күнү кан басымы көтөрүлүп каза болгон Кара-Ой айылынын тургуну Айнагүл Касымбекованы жолдошу Шакен Мамытов базардын чыры менен байланыштырып жатат. Белгилей кетчү нерсе Чолпон-Ата шаарындагы ”Элнуру” базары талапка жооп бербегендиктен үч ай мурда жабылып, анда иштегендердин айрымдары жаңы базарга көчүүгө баш тартып, жумушсуз калган. Алардын арасында 47 жаштагы маркум Айнагүл Касымбекова да бар эле. Бирок, кыздары Элиза менен Нургиза апасы ага деле көп кайгырбай бир ай мурда муунуп өлгөн агасынын өлүмүнөн кийин башым деп атып кайтыш болгонун ырастады. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG