Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:55

18:10 Нарында Ишенбай Кадырбековдун тарапкерлери митинг уюштурушту


Бүгүн Нарын театрынын алдында «Ишенбай ак», «Теңир Тоонун ар намысы- Нарын эли Ишенбайдын туусун түшүрбөйбүз», Ишенбайдын ак жеринен кармалышы- бийликтин жүзү” деген ураандарды көтөрүп, Нарын районунун ар кайсы айылдарынан келген 380 адам тынчтык митингин уюштурушту. Кадырбековду колдоо демилгелүү тобунун жетекчиси Асыл Жаманованын айтымында, чогулган 380 адамдан сырткары кол топтоо акциясына 700 киши кол коюп берди. Кол топтоо акциясы 27-июлга чейин уланат. «27-июлга чейин Кадырбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлбөсө, ар кандай нааразылык акциясына чыгабыз», деген кайрылууну 700 адамдын колу менен акыйкатчы Турсунбек Акунга тапшырышты. Уюштуруучулардын айтымында, пикетчилерди милиция кызматкерлери таркатууга аракет жасашты. Бул боюнча шаардык мэрияга кайрылганыбызда шаардын биринчи вице мэри Кубан Нурмамбетов жооп берүүдөн баш тартты.(JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG