Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:55

“БИРДИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАН” БИЙЛИККЕ СЕС КӨРСӨТӨБҮ?


Өткөн айда түзүлгөн “Бирдиктүү Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылы бүгүн билдирүү таратып, бийликтен тез арада азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды иштеп чыгууну талап кылды. Билдирүүдө үч жыл мурда алмашкан бийлик эл үмүтүн актабаганы, бөлүп-жаруу саясаты уланып жатканы айтылат. Кыймыл ошондой эле өлкөнү кыйынчылыктан чыгаруу боюнча бийликке жардам берип, колдон келген салымын кошууга даяр экенин билдирүүдө. Айрым серепчилер болсо бул жаңы кыймыл коомчулуктан колдоо табышы күмөндүгүн айтышып, мындай билдирүү менен чыгышын бийликке сес көрсөтүү чарасы катары баалашууда.

Кыймылдын билдирүүсүндө мындан үч жыл мурдагы жогорку бийликтин алмашуусу эл турмушун оңдомок тургай, кайра артка серпкени, азыркы бийлик кыйынчылыктын баарын «дүйнөлүк тенденция» деген шылтоого такап, жоопкерчиликтен качууга далбас кылганы, демократиялык нормалар болсо улам четке сүрүлүп, автократия жана чексиз жеке бийлик улам барган сайын күчөп бара жататканы айтылат.

Аталган кыймылдын курамында Кыргызстанды Совет доорунда кыйла жыл башкарган Турдакун Усубалиев, мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев, мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов баштаган мурда мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген бир катар белгилүү инсандар бар.
Кыймылдын уюштуруучуларынын бири Осмонакун Ибраимов кыймыл бийликке өлкөнү кыйынчылыктан чыгаруу боюнча сунуштары менен чыгаарын билдирди:

- Биздин негизги максаттарыбыздын бири – Кыргызстанды азыркыдай кризистик абалдан алып чыгуу. Бул боюнча бийликке кеп-кеңештерибизди, сунуштарыбызды берели деп атабыз. Бийлик оппозиция жана башка саясий күчтөр менен сүйлөшүүгө, диалогго барышы керек. Эгер бийлик өзүнүн келечегин ойлосо, элге жардам берели деген ою болсо анда мындай жолугушууларга барышы керек.

Омонакун Ибраимовдун айтымында, кыймыл азыр уюштуруу иштери менен алектенүүдө жана күзгө карай өз программаларын иштеп чыкмакчы:

- Биринчи кезекте инновация же тапкычтык, билгичтик, эптүүлүк жолу менен Кыргызстанды кыйынчылыктан алып чыгып кетүү маселесин ойлонуп жатабыз. Белгилүү болгондой бизде мунай же газдын көп кору жок, ошондуктан эптүүлүк менен башкалардан ылдамыраак, ыктуураак азыркы замандын агымына аралашпасак такыр артта калып калышыбыз мүмкүн. Тилекке каршы азыркы өкмөт андай демилге көрсөтө албай жатат. Жарытылуу программасы да жок.

Коомчулукта болсо бул кыймылдын бүгүнкү билдирүүсү, дегеле анын түзүлүшү боюнча ар кыл пикирлер айтылууда. Саясат таануучу Жолборс Жоробеков болсо бул кыймыл коомчулуктан колдоо таппайт деген пикирде:

- Бул кыймылдын курамын карасак, баягылар дегендей мурда элдин көңүлүнө тийген адамдар жүрөт. Азыр булар айтып жаткан маселелердин көпчүлүгү ошол өздөрүнүн убагында болгон. Ошол айткандарын бийликте отурганда эмне үчүн жасашкан жок? Булардын ар бири бийликте отурганда колунан келбесе да ушул айткандарын көтөрүп чыкса болот эле да. Эми азыр минтип чыгып атышканы жөн гана эмне кылаарын билбей эле, жанагы айтарга сөзүм, саларга кушум бар дегендей кеп болуп жатат да.

Саясий серепчи Кубан Абдымен болсо кыймылдын билдирүүсүн бийликке таасир көрсөтүү чарасы катары баалайт:

- “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы айтып жаткан бүгүнкү сөздөр эч кандай жаңылык эмес, алар коомчулукта эчактан бери эле айтылып, талданып келаткан маселелер. Бул кыймылдын мүчөлөрүнүн ысымдарын укканда эле алардын дээрлик көпчүлүк мурдагы бийликтин адамдары экенин билебиз. Ошондуктан булардын айтканы элге жеткен күндө да эч кандай жаңылык алып келбейт. Булардын чакырыгы бийликке таасир көрсөтүү гана чарасы болбосо коомчулукка жаңы идея, жаңы багыт бере албайт.

Кандай болгон күндө да айрым талдоочулар бул кыймыл бийликке сунуш-пкирилерин айткан чакта да аны бийлик кабыл албастыгын, мындай абал буга чейин ушундай эле демилге менен чыккан коомдук парламенттин мисалында ачык көрүнүп турганын айтышууда.

Осмонакун Ибраимов болсо бийлик аларды укпаса анда элге чыгаарын, мыйзам жол берген башка чараларды көрүшөөрүн айтат. Бирок ал кандай чаралар экенин ачыктаган жок. Ошентип мурдагы атка минерлерден куралган бул кыймыл күзгө карай ишин жандантууга ниеттенүүдө.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG