Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Маектешкен Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек 17-июлда Чыңгыз Айтматов кайтыш болгондон бери кырк күн өттү. Улуу жазуучу көз жумгандан бери дүйнө аны жоктоп дале аза күтүп тургандай. Көзүнүн тирүүсүндө Айтматовду жакындан таанып калгандар залкар жазуучунун ар кыл жактарын эстеп эскеришет. Учурда Жапонияда билим алып жаткан кыргыз студенти Нуржигит Кадырбеков Чыңгыз Айтматов менен дипломатия тармагында чогуу кызматташып калган. Нуржигитти Чыңгыз Айтматов өзгөчө адамгерчиликтүү сапаттары менен таңгалтырып, тамшандырган. Кабарчыбыз Элеонора Бейшенбек кызы менен болгон маегинде Нуржигит Кадырбеков кебин төмөнкүчө баштады.

- 2003-жылы Стамбулда жазуучубуздун 75-жылдык маарекисине арналган салтанатта тааныштым. Элибизде макал бар эмеспи, “улуу кишинини атын алыстан ук, жанына келсең бир киши” деген. Ошол макалдын маанисинин тереңдигине аябай таң калгам. Анткени бул киши ушунчалык дүйнөлүк кадыр-баркынын бийиктигине карабастан, улуу менен кичүүгө бирдей, тегиз, анан аябай жупуну мамиле кылган жактары бар экен. Мен ушул адамгерчилик бийик сапатына аябай таң берген жайым бар. Бир эки-үч окуяны айтып берейин.

Биринчи жолу көрүп жетине албай, чогуу сүрөткө түшсөм деп ниет кылып, бирок фотоаппаратымды мейманканада унутуп калыпмын. Өзүм тартынып, башка кишилер аркылуу айттырдым. Айттырсам, эркелетип күлүп, “барып алып кел” деп, фотоаппаратымды алып келгиче күтүп турганы эч эсимден кетпейт.

Дагы бир окуя. Түрктөрдө сыйлуу инсандардын колунан өөп, бешенсине тийгизип койгон салты бар экен. Анан карапайым эле түркиялык жүгүрүп келип Чыкенин колунан өөп, бешенесине тийгизсе, жарыктык киши ал кишинин да жооп катары колунан өөп, жылуу сөздөрүн айтып, мээримин төгүп турганы күнү бүгүнкүдөй эсмде турат. Текеберсинип, менменсинүү деген такыр жок экен. Ийилгенге ийилген сонун мүнөздөрү эсимде.

Анан Чыңгыз абабыз менен Бишкекке чогуу учтук. Ал киши эми бизнес класста учат да. Биз болсо эконом класстабыз. Бирок бизге деле бизнес класстагыдай сый көрсөтүлүп жатат да. Көрсө Айтматов алардан “мени менен кетип жаткандар бар, көз салып койсоңуздар” деп өтүнүптүр. Айтматовдун өтүнүчү менен бизге ошондой сый-урмат көрсөтүлүптүр. Айтматовдун учакта экенин угуп, учаардын алдында капитан чыгып Айтматовдун колун кармап учурашып, “эмне маселе болсо, мага айтсаңыз” деп жетине албай турганына күбө болгондор көп.

Элибизде “Оомат - тоголок” деген сөз бар эмеспи. Бирде оомат башта болсо бирде болбойт дегендей. Бирок Чыкебиз өмүр бою эле ооматтуу болуп өттү. Ошонун негизги себеби анын адамгерчилик сапатынан болсо керек деп жыйынтык чыгарып койдум. Анткени өзүңүз деле билесиз, көзү тирүүсүндө асылгандар канча болду. Башкасын коюп эле өзүбүз эле, кыргыздар канча асылдык. Бирок Чыкебиздин алардын эч кимиси менен жаман-жакшы айтышкан учуру болгон жок. “Кийимдин жакшысы кир көтөрөт, адамдын жакшысы сөз көтөрөт” деген сөз тегин жерден айтылбаса керек.

Канына карабай, дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун өз адам болуу кандай бакыт. Адамдык асыл, наркы, керемет таланты менен ошондой бактыга арзыган инсандардан экен. Орустардын маалымат каражаттары “орус жазуучусу каза болду” деп жазбадыбы, түрктөрдүку болсо түрк жазуучусу деп. Чыкем, бир гана кыргыздын жазуучусу, же орустуку, түрктүкү эмес, адамдык асыл наркы, улуу таланты менен дүйнө жазуучусу жана дүйнө атуулу катары тарыхта калды деп ойлойм.

Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганы тууралуу Интернеттен, орус маалымат каражаттарынан окуп калдым. Анан ошол жерде “белгилүү кыргыз жана орус жазуучусу көз жумду” деп жазышыптыр. Бир жагынан кызганасың, башкалар да биздин жазуучу деп айтып жатышса. Экинчи жагынан алар сыйлоосун, урматын билдирип биздин жазуучу деп жатканына сыймыктанасың.

Каза болгонун укканда чындыгында көз жашымды кармай албадым... Ооба, Чыкем эң бир татыктуу өмүрдү жашап өттү. Элибиздин залкар уулу эле. Бул жактан презентация кылганда дагы сөзсүз ал кишинин атын айтпай кое албайбыз. Дүйнөлүк адабияттын үлкөн жылдыздарынын бири болчу. Бирок кыргыз жүрөгүнүн бир бөлүгүнө айланганын, көзүмдөн чыккан жашты кармай албаганда түшүндүм. Кийин сүрөттөрдү көрдүм, окудум канчалаган ойлорду. Мендегидей сезим бүт кыргыз элинде болуптур. Бул өмүрдө адамдардын жүрөгүндө жылуу ат калтырып, ушунчалык улуу ийгиликтерге жетишүү ар бир адамдын колунан келе бербес.

- Сиз Чыңгыз Айтматов менен дипломатиялык тармакта чогуу иштеп калгансыз. Айтматовдун кыргыз дипломатиясындагы ордун, кошкон салымын кандай деп баалайсыз?

- Чыңгыз Айтматовдун кадыр-баркы, аты эле анын кыргыз дипломатиясына кошкон салымын айтып турат. Анткени дипломатияда жеке кадыр-барктын, жеке сөзүнүн өтүмдүүлүгүнүн мааниси абдан чоң. Чыкебиз Европада болду. Европаны ал “адабияттагы экинчи үйүм” деп айтып калчу. Анткени Германияда, Бенилюкс өлкөлөрүндө аны сүйүп урматтап окугандар көп болчу. Абдан ырааттуу, өтө пайдалуу, кыргыз элине дипломат катары канчалаган пайдалуу иштерди жасады. Канчалаган инвестицияларды алып келе алды.

Тагдырдын буйругу менен бир системада чогуу иштешип калдык. Жөнөкөйлүгүнөн, жупунулугунан, калыстыгынан, тегиздиген жазган жок. Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынан кандай гана тапшырмалар болбосун, катардагы инсандар катары эле аябай жоопкерчилик менен аткарчу. Таланттуу адам баардык жагынан таланттуу деген сөз бекер эмес экен. Кайсы гана ишти баштабасын ошонун өтөөсүнө чыккан чебер, жоопкерчиликтүү улуу инсан экен.

- Сиз учурда Жапонияда билим алып жүрөсүз, жапон окурмандары Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен тааныш бекен? Эгер тааныш болсо жазуучунун кайсы чыгармасы жапон окурмандар арасында кызыктуудай?

- Менин оюмча Чыңгыз Айтматов батыш дүйнөсүндө аябай популярдуу болчу. Чыгыш дүйнөсүндө, өзгөчө бул жапон эли ичиндегисин сыртына чыгара бербеген эл. Бирөөгө болгон сүйүүсүн, сый-урматын, жек көрүүсүн ачык айта албайт. Бирок албетте Айтматовдун окурмандары бул жакта да бар. Булар менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары тууралуу кенен-кесири баарлашканга менин жапон тилим азырынча жетиштүү эмес. Бирок Айтматовду бул жактагы окурмандары сыйлайт, жакшы көрөт. Дайсаку Икеда сыяктуу философ адабиятчылары менен дос болуп, кызматташып, чыгармачыл тармакта абдан жакшы тилектеш болуп жүргөн эмеспи. Дайсаку Икеда дагы бул жапон элинин улуу уулдарынын бири.

- Нуржигит, маегиңизге рахмат!
XS
SM
MD
LG