Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

15:00 Кыргызстан “Токтогул” суу сактагычына жетиштүү сууну топтой албай жатат


Кыргызстанда суу тартыштыгына карабастан 2006-жылы кыргыз өкмөтү Казакстанга көп суу берүү тууралуу макулдашууга кол койгон. Анын айынын Кыргызстан эмдигиче “Токтогул” суу сактагычына жетиштүү сууну топтой албай келатат. "Кыргызстанды оор экономикалык абалга алып барып такаган жооптуу кызмат адамдары жопкерчиликке тартылышы керек”, деп билдирди “Туран” партиясынын жетекчиси Таирбек Сарпашев “Азаттык” уюштурган талкууда. Анын айтуусунда сууга байланышкан коррупциялык ишке эмдигиче укуктук баа берилбей келатат.
Маалымат үчүн айта кетсек, 2007-08 жылдын кыш мезгилинде электр энегриясын өндүрүү үчүн 8.5 млрд. куб метр суу агызылган. Ушул тапта “Токтогул” суу сактагычында 9 млрд. куб метрден бир аз ашуун суу топтолгон, анын көлөмүн 12 млдр. куб метрге жеткирүү милдети коюлган. (GA)

XS
SM
MD
LG