Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:30

ТАҢКЫ ШООКУМ: АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде жаш сүрөткерлердин “Айтматов” көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө кырк жаш сүрөткердин мыкты деп табылган жүздөн ашуун эмгеги коюлду. Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракесинин урматына уштурулуп жаткан Көргөзмө-сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан жаш таланттар сүрөт эмгектерин жөнөтүшкөн.

Ушул күндөрдө коңшулаш өлкөлөрдө да өтүп жаткан Чыңгыз Айтматов темасындагы Көргөзмө-сынак алдыда дагы уланып, сынак КМШ мамлекеттериинин жаш сүрөтчүлөрүн да камтып, сынактын финалдык жыйынтыгы октябрь айында КМШ мамлекеттеринин саммитинде чыкмакчы деди Республикалык жаштар иштери боюнча Департаменттин директору Айдар Жоробеков:

- Сынакка келип түшкөн эмгектер боюнча атайын калыстар тобу түзүлгөн. Бүгүнкү Көргөзмө-сынактан өткөндөр күздө өтчү КМШ мамлекеттеринин жаш сүрөткерлери катышкан сынакка катышат. Жеңүүчүлөр акчалай сыйлыктар менен сыйланышат.

Мамлекеттик тарых музейинде “Байыркы Кыргызстандын алтындары” деп аталган экспозиция ачылды. Экспозицияга Кыргызстандын аймактарынан табылган үч жүздөн ашуун алтын жана коло буюмдар коюлган.

17-июлда Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөндүгүнүн кырк күндүгү белгиленип, Кыргызстандын кинотеатрларында, Улуттук телеканалда жана 5-каналда Чыңгыз Айтматов тууралу 40 мүнөттүк реквием-тасма көрсөтүлдү. “Айтматов менен коштошуу” реквием-тасмасынын сценарийин акын Алтынай Темирова жазып, белгилүү режиссер Бакыт Карагулов тарабынан тасмага алынды. Ал эми бир нече сааттарга созулган киноматериалдарды кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ракыя Шершенова монтаждады.

Кыргызмамкиноконцерндин вице-президенти Абибилла Пазыловдун айтымында алдыда Таластын Шекер айлында Айтматовдун элүү эки күндүгү белгиленет:

- Кыргыз Улуттук киноконцерни тасманын тартылышына эки жүз миң сом бөлдү. Себеби тасманы Чыңгыз Айтматовдун кыркына көрсөтүү максатыбыз болду. Тасма көрсөтүүгө даяр. Алдыда мусулман каада-салты боюнча Чыңгыз Айтматовдун элүү эки күндүгү да белгиленмекчи. Биз бул иш-чараны жазуучунун киндик каны тамган Шекер айлында өткөрөлү деп жатабыз.

“Айтматов менен коштошуу” кинотасмасына Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалардан үзүндүлөр, негизинен Айтматовдун чыгармаларынын каармандарынын монологдору кирди.

Ошондой эле өтүп бараткан аптада Кыргызстандын Ысыккөл, Чүй, Нарын облустарынын жайлоолорунда “Кыргыз туризми” ассоциациясы кыргыз элинин каада-салттарын, үрп-адаттарын чагылдырган фестивалдарды өткөрдү. Фестивалдын алкагында кол өнөрчүлөрдүн Көргөзмөсү да уюштурулду.

Республикалык “Айтыш” коомдук уюму белгилүү төкмө акындар Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгынын 15 жылдыгын ал эми Абдылда Нуралиевдин 50 жылдык мааракесин өткөзмөкчү.
XS
SM
MD
LG