Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

18:45 Барскоондогу цианид кырсыгына кабылган беш айылдын эли президентке кайрылышты


19-июль күнү Барскоон айылынын четине жүздөй киши чогулуп, «Кумтөр» ишканасы бөлгөн 28 миллион сомду кыргыз бийлиги бербей келатканы боюнча жыйын курду. Ага беш айылдык кеңештин мүчөлөрү жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты. Бул маселе 10-июнда да көтөрүлгөндө облустун губернатору айыл-чарба чыгымдарына деп бөлүнгөн 28 миллион сомду дароо таратып жибербей, кредит катары берүүнү сунуштаган. Бирок ага макул эместигин билдирген тургундар акчаны жалгыз гана фермерлерге эмес жалпы үлүшкө жараша бөлүштүрүүнү чечти. «Кумтөр» ишканасынын иштери боюнча өкмөттүк комиссиянын Барскоон айылындагы мүчөсү Бактыгүл Иманкожоеванын айтуусунда, элдин мындай чечимин беш айыл өкмөтү да колдоду. Жыйындын аягында Барскоондогу 2005-жылдан 2007-жылга чейинки митингдерде берилген убадалардын аткарылбай келе жатканы жана 28 миллион сомдун компенсация катары төлөнүшүн талап кылган расмий кат даярдалып, ал президент Курманбек Бакиев менен өкмөт башчысы Игорь Чудиного жолдонду. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG