Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:57

АПТА ЖАҢЫРЫГЫ: ЭНЕРГОКРИЗИС, МОСКВАГА САПАР, “БИРДИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН” ДЫМАГЫ


Экономика жана энергетикадагы “эзилиш” Өткөн жума түштүк региондо сибирь жарасынын жайылышы, президенттин Москвага бир күндүк сапары, өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен региондордо жыйындардын өтүүсү жана эми уюшулуп жаткан “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын билдирүүсү менен коштолду.

Бул жумада өкмөт быйылкы жылдын алтын айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыгын чыгаруунун үстүндө иштеди. Премьер-министр Игорь Чудинов баш болгон өкмөт мүчөлөрү облустук коллегияларга катышты. Премьер-министр өзү катышкан Бишкек шаарынын коллегиясында борбордо өндүрүш төмөндөп, пландалган көрсөткүчтөр аткарылбай жатканы белгиленди.
Улуттук банктын жетекчилиги да жарым жылдын жыйынтыгын чыгарып, жалпы көрсөткүчтөр жөнүндө маалымат берди. Улуттук банктын төрагасынын орун басары Заир Чокоев буларды маалымдады:

- Ички дүң продукты өткөн алты айда 7.1% өстү. Дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан процестерге караганда айтаарым, бул жаман эмес көрсөткүч. Маселен, Казакстанда, Россияда өсүш бир кыйла төмөн болуп чыкты. Кыргызстандаь инфляция алты айда жогору болуп, 15.2% жетти. ал өзгөчө май, июнь айында жогору болду. Дүйнөдө мунай, азык –түлүккө баанын көтөрүлүшү бизде инфляциянын өсүшүнө шарт түзүүдө. Бизде азык-түлүк таңсыктыгы болбойт. Өкмөт азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында бир катар иштерди аткарды. Ошол эле Казакстандан буудай сатып алуу боюнча маселени чечти.

Эми өкмөт 24-июлда чоң жыйынга чогулат. Президенттин катышуусу менен боло турган ал жыйында өлкөнүн масштабында жарым жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыкталат.

Региондордогу жыйындарга катышкан өкмөт мүчөлөрүнүн баары энергетикалык кыйынчылыктар жөнүндө сөз кылып, кышка катуу камылга керектигин эскертишти. Кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыш болушун Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард куб метрден көбөй турушу шарттоодо. Андан сырткары коңшу мамлекеттер менен суу-энергетикалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган жок. Бул өз кезегинде Өзбекстан, Казакстанда суу тартыштыгын пайда кылса, Кыргызстандын кыш, күз мезгилинде көмүр, газ, карамай менен камсыз болуусуна оорчулук алып келет. Бул маселени жеңилдетүү үчүн Кыргызстан өз калкына электр энергиясын берүүнү чектеп, анын эсебинен Казакстанга 500 миллион килловат саат электр энергиясын сатуу боюнча келишимге барган. Бирок сатып алына турган электр энергиясынын эсебинен Казакстанга бара турган суу тийиштүү өлчөмдө жетпей жатышы Астананы тынчсыздандырып, алар жума ичинде абал өзгөрбөсө келишимден баш тартышаарын билдирүүдө. Казак тарап суу Өзбекстан жана Тажикстандан өтпөй жатканын айтууда. Кыргызстандын болсо сууну андан ары көбөйтүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Анткени Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өтө төмөн бойдон калууда.

“Туран” партиясынын лидери Тайырбек Сарпашев Токтогулда мындай абалдын түзүлүш себебин мындан мурунку жылдардагы жоопкерчиликсиз кадамдардан көрөт:

- Мурдагы жылдары кылмыштуулук жол менен көптөгөн суу, ченинен ашык суу Өзбекстан менен Казакстанга жай мезгилинде кетип калган. Ал коррупциялык жол менен кеткен. Ага ушул кезге чейин эч ким жооп берген жок. Анын ордуна актануу, калп, жалган сөздөр айтылып, суу аз келип жатканынан ушундай абал түзүлүүдө деп жатышат. Токтогул суу сактагычында топтолгон суу бул биздин энергетикалык казынабыз. Биз аны жай мезгилде сарамжалдуу пайдаланып, кургакчыл боло турган беш жылдыктан чыгып кете турган мүмкүнчүлүк бар болчу. Мына ошол цикл сакталбагандыктан энергетика тармагында кризис пайда болууда.

Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги болсо өткөн кыштын катуулугунан Токтогулдан 6 миллиард куб метр суу электр энергиясын иштеп чыгууга жумшалып, азыркы кырдаалдын түзүлүшүнө алып келгенин белгилейт.
Кандай болгон күндө да Токтогул суу сактагычындагы абал терең тынчсызданууну жаратып, кыш мезгилинде Кыргызстан чын эле “тезек жагып калабы” деген чочулоону жаратып турат.

Президенттин Москвага сапары


Өтүп бараткан жумада, тагыраак айтканда 16-июлда президент Курманбек Бакиев Москвада бир күндүк иш сапар болуп, анда президент Россия президенти Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүлөр өткөрдү. Ал сүйлөшүүлөргө Россиянын өкмөт башчысы Владимир Путин да катышты. Бул сапарды президент өтө натыйжалуу жана ийгигиликтүү катары сыпаттады:

- Мен абдан ыраазы болгонум Россиянын президенти дагы, премьер-министри дагы Кыргызстанды экономикалык жагынан колдоого, чоң-чоң инвестицияларга берүүгө даярдыгын көрсөтүүсүндө болду. Биз төмөнкү пайызда, узак мөөнөттүү насыя берсеңер, өзүбүз Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСин куруп бүтүрсөк десем, ал колдоого ээ болду .

Президенттин айтымында, Москвадагы сүйлөшүүдө Кыргызстандын Россияга карызы боюнча маселе да талкууланды. Аны кечүү багытында иштер жакын арада жүргүзүлөт.

Кыргызстандын мына ушундай кызыкчылыктарын канааттандырууга Москванын даярдыгы дурус иш. Бирок анын ордуна Россия Кыргызстандан эмне талап кылышы ыктымал? Бул суроого өлкөнүн мурунку өкмөт башчыларынын бири Амангелди Муралиев мындай жообун берди:

- Тышкы карызды жоюу боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүш керек. Президенттин бул багыттагы кадамын абдан туура деп эсептеймин. Бирок Россия да биз менен соодалашат. Биринчиден, менин оюмча Россия тараптан американын Ганси базасын кетиргиле деген талап коюлат. Экинчиден, инвестицияга жол ачып бергиле деген сөз сөзсүз түрдө болот. Үчүнчүдөн, Кыргызстан ушул маселелерге даяр болуш керек. Мына президент бюджетибиз көбөйдү, өзүбүздүн күчүбүз менен Камбарата-2 кура баштайбыз деп, курулушту баштады. Бул эми кичинекей станция. Бирок ага да көп каражат керек. А негизги маселе Камбарата-1де, ал Токтогул ГЭСинен кубаттуулу чоң станция. Негизинен стратегиялык маселелерди чече турган станция. Эми ошого президент насыя сурап жатат. Ал насыя кандай шартта суралып жатат мага белгисиз. Өкмөт өзү кепилдик береби, же жеңилдетилген насыя болобу? Мен ойлоп атам, бул маселенин башталышы. Жыйынтыгы кандай болот билбеймин. Иши кылып менин оюмча насыя сураш керек. Камбарата-2нин курула башташы иш башы, уютку болуп жатат. Негизинен ГЭСтерди куруш керек. Биринчиден, ошол станциялар кыргыз мамлекетинин менчиги болсо жакшы болот. Андай жасаш үчүн жеңилдетилген насыя алып, куруш керек. Эгерде биргелешкен ишкана түзө турган болсок, анда Кыргызстандын пайдасы, үлүшү кандай болот, стратегиялык жактан биздин кызыкчылык кандай корголот? Ушулардын баарын таразалап чечиш керек.

Айрым оппозициялык саясатчылар болсо президенттин сапары учурунда айтылган сөздөр мурдатан айтылып келаткан сөздөр экенин белгилешип, аларды ишке ашырууга жетише албаган Кыргызстандын өзүндө күнөө деп билдиришүүдө.
Кыргызстан менен Россия жетекчилиги макулдашкан иштерди аткаруу үчүн жогорку деңгээлде жумушчу топ түзүлүп, ал өзүнүн жакын арада ишин баштаарын президент Курманбек Бакиев өз сөзүндө белгилеген. Мына ошол биргелешкен топтун алгачкы иши эки тараптын сөзү менен иши кандай айкалышаарын көрсөтмөкчү.

“Бирдиктүү Кыргызстан” саясий жымжырттыкты бузууга аракеттенүүдө


Жаңыдан түптөлүп келаткан “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылы өтүп бараткан жумада билдирүү менен чыкты. Анда энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн антикризисттик программа иштеп чыгуу өкмөткө сунушталып, жаңы бийлик элдин үмүтүн актай албады деп сынга алды. Бул кыймылга мурунку президент Аскар Акаевге жакын кишилер Турдакун Усубалиев, Осмонакун Ибраимов, Болот Жанузаков, Каныбек Иманалиев кирет. Алардан сырткары интеллигенциянын бир катар өкүлдөрү да кыймылга мүчө экени кабарланган. Кыймылдын лидерлеринин бири Осмонакун Ибраимов азыркы өкмөттүн программасы жоктугун сынга алды:

- Башкалардан ылдамыраак, башкалардан ыктуураак болуп, азыркы замандын агымына аралашпасак биз такыр артта калып калышыбыз мүмкүн. Тилекке каршы азыркы өкмөт бир да андай демилге көрсөтө албай жатат. Жарытылуу программасы да жок. Бөлүп-жаруу саясаты уланып жатат. Менин оюмча, бул саясат эч качан Кыргызстанды жакшы турмушка алып келбейт. Кризис тереңдей берет.

Бирок саясат таануучу Жолборс Жоробеков бул саясатчылар өз убагында өлкөнү терең кризиске учуратканын, азыркы айтып жаткандарын ишке ашырууга кезинде мүмкүнчүлүгү болгонун белгилейт:

- “Бирдиктүү Кыргызстан” деген бирикме дейби, кыймыл дейбизби, анын курамын карап көрдүм. Кечеки элдин көңүлүнөн калган, элдин көңүлүнө тийген кишилер экен. Азыркы айтып жаткандары мына ошолордун убагында болгон. Ошолор убагында Кыргызстанды башкарып, негизги ролдордо турган. Эми алар биригип алып, “Бирдиктүү Кыргызстан” деп чыгышууда.А эмне үчүн өздөрү бийликте турганда аны жасаган эмес? Ар бири иштеп турган мезгилде өздөрү жасай албаса да ушундай нерсени көтөрүп чыгыш керек эле.

“Бирдиктүү Кыргызстан” ошентип өзүнүн кезектеги билдирүүсүн таратты. Эми күзгө карай өзүнүн программаларын иштеп чыгаарын да маалымдады. Бул кыймыл бийликти сынга алган менен негизги оппозициянын курамына кошуларын жарыя кыла элек.

Ал эми оппозиция өкүлдөрү күзгү саясий сезондун алдында өз ара сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатканын маалымдоодо. “Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин айтымында, ал социал-демократтар лидери Алмазбек Атамбаев менен кезигишип, биргелешип аракеттенүү маселеси боюнча сөз болууда.
Албетте, көп нерсе күз жана кышында түзүлө турган социалдык-экономикалык кырдаалга жараша болот. Бийлик тарабынан орчун ката кетирилбесе, баары өз нугунда өтө бериши ыктымал.

Күзүндө бийлик үчүн бир саясий өнөктүк бар-ал жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо. Бул шайлоо эки тарапка тең президенттик шайлоонун алдындагы сыноо экени белгилүү. Бийлик “Ак жол” партиясы аркылуу жергиликтүү кеңештерди, анын ичинде өзгөчө Бишкек шаардык кеңешин толук көзөмөлгө алууга аракеттенет. Оппозиция да жөн жатпасы турган иш. Маалым болгондой, “Ата мекен” партиясы шаардык кеңешке шайлоону “өзүнүн Сталинграды” катары сыпаттаган. Бул келечектеги “Сталинград кармашында” өтүп бараткан жумада толук кандуу мэрлик кызматка киришкен Нариман Түлеев да алгачкы чоң саясий сыноолордон өтмөкчү.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG