Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:50

Амирбек Усманов, Прага 17-июнда Эл аралык кылмыш сотунун түзүлгөнүнө 10 жыл толду. Гаагадагы соттун баш прокурорлугунун Судандын президенти Омар аль Баширди камакка алуу жөнүндөгү чечими дүйнө өлкөлөрүндө түрдүүчө маанай жаратты. Африка боюнча эксперт Стефен Эллис айрым өлкөлөрдүн тынчсыздануусуна таң калбайт. Доктор Эллис «Эркин Европа/Азаттык» үналгысына берген мегинде мамлекет башчы саясый кызмат экенин белгилөө менен, Эл аралык кылмыш сотунун натыйжалуу иштөөсүнө кандай тоскоолдуктар болуп жатканын кеңири чечмелеп берди. Доктор Эллис - Нидерландиянын Лейден университетинде эмгектенет.

«Азаттык»: Үстүбүздөгү аптада Эл аралык кылмыш соту Судандын президенти Омар аль Баширди Дарфурда согуш кылмышын жасады деп, камоого өкүм чыгарууну талап кылды. Расмий Хартум соттун чечимин четке какты. Ал эми Россия, Кытай жана башка айрым өлкөлөр соттун кадамына тынчсыздануу билдиришти. Сот чечими Судандагы калабаны дагы тереңдетет, Түндүк менен Түштүктү элдештирүү боюнча бир нече жылкы аракетти жокко чыгарат дегендер да болду. Анын себеби эмне?

Стефан Эллис: 1945-жылдан тартып дүйнөдө күнкорсуз мамлекеттердин системасы түзүлдү. Дүйнөдө азыр 192 же 193 эгемен өлкө бар. Мыйзамый жактан алардын баары тең бирдей укукка ээ деп саналат. Иш жүзүнөн алганда, акыркы жылдары эгемендик принцибине түрдүү жүйөөлөрдөн улам доо кетти. Кээ бир өлкөлөр алардын ички ишин башка эгемен өлкөлөрдүн толук көз алдыда кармоо мүмкүнчүлүгүн барган сайын оор көрө башташты. Ага жүйөө болгон көп себептердин бири - бул адам укугун бузуулар. Эң маанилүүсү көптөгөн адамдар азыр кайсы бир өлкөнүн өз букараларына эч нерсе жасабаганына мурдагыдай көңүл кош болбой калышты.

«Азаттык»: Улуттук күнкорсуздук принциби адам укугун жоопкерсиз бузууга каршы күрөшүүдө. Эл аралык кылмыш соту бул күрөштү ара жолдо таштап салган жокпу?

Стефан Эллис: Мындай окуялар 1994-жылы Руандада, 1990-жылдары Балканда, кийинки жылдары Дарфурда болду. Булар чалкалай отуруп алып, бизге тийешеси жок дечү нерсе эмес. Мындай нерселер башка өлкөлөрдө да болууда. Аларды тергөө үчүн трибунал ачмакчы болсоңуз, адегенде тийиштүү саясый мунасага жетпей туруп, кылмышкерлерди жазалоо менен эле маселени жөндөө мүмкүн эмес экенин түшүнгөн маанилүү.

«Азаттык»: Бүгүнгө чейин Эл аралык кылмыш соту күнөөлөгөн адамдардын баары эле Африкадан болду. Муну айрымдар неоколониализмдин бир жышааны катары баалашууда. Бул пикирге сиз эмне үчүн макул эмессиз?

Стефан Эллис: Африкада эл аралык нормалар боюнча 193 эгемен өлкө аткарчу милдеттемелерин чындап аткара албаган өкмөттөрдүн саны өсүп барат. Аларды кээде «мажүрөө мамлекеттер» деп да атап жүрүшөт. Өз вайзийпасын аткара албаган өлкөлөрдү «мажүрөө» деп биринчи жолу АКШнын мурдакы Мамкатчысы Мадлен Олбрайт атаган. Африканын берегидей өз вазийпасын аткара албай жаткан көптөгөн мамлекеттерине кантип жардамдашуу боюнча эл аралык мекемелер жана ири өлкөлөр катуу кысымга да кабылууда.

«Азаттык»: Демократиялуу өлкөдө сот органдары көз карандысыз болуп, саясатчылардын таасиринен тыш болуш керек эмеспи. Бирок сиз дүйнөлүк тажрыйбага таянып, Эл аралык кылмыш соту улуттук өкмөттөр менен эриш аркак иштешкенде гана ийгиликке жетет деп жазгансыз. Андай болбогон соң Эл аралык кылымыш соту саясаттан сыртта туруп, бирок ишинин натыйжасы жок уюм болбойбу?

Стефан Эллис: Эл аралык кылымыш соту түзүлгөнүнө мына 10 жылдын жүзү болду. Бул аралыкта сот тарабынан эч ким жоопкерчиликке тартылбады жана бир да иш аягына чыкпады. Эл аралык кылмыш сотунан башка да Югославия жана Руанда боюнча, ошондой эле Сьерра Леон боюнча да өз учурунда атайын соттор түзүлгөн болчу. Сотторду түзүү өзүнчө эле адат болуп баратат. Саясый чечимдерди кабыл алуу жана саясый мекемелер береги тенденция менен атаандаша алышпайт. Бул дүйнөлүк системада жана Улуттар Уюму менен байланыштагы мекемелерде, атүгүл эл аралык финансы институттарында жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн далили. Бул аларды реформалоонун зарылдыгын да күбөлөйт.

«Азаттык»: Азыркыдай шартта Эл аралык кылмыш соту эмне кылыш керек?

Стефан Эллис: Менин оюмча Эл аралык кылмыш соту өтө кыраакы болушу абзел жана бир ирет болгондой, БУУнун Коопсуздук Кеңешинен көрсөтмө албаш керек эле. Маселен, (Дарфур боюнча) саясый сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан шартта Эл аралык сот ага аралашпай турганы жөндүү болмок.

Сүрөт http://www.ascleiden.nl интернет барагынан алынды
XS
SM
MD
LG