Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:39

БЭЭЖИНДЕ ЖАҢЫ ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИ КҮЧҮНӨ КИРДИ, ЭМИ АБА ТАЗАРАБЫ?


Кытайда бүгүндөн тартып, абаны тазартуу боюнча ири иш-чаралар жолго коюлууда. Бээжинде так жана жуп сан номерлүү автоунааларды айдоого бир күнгө алмак-салмак тыюу салына баштады. Дароо эле шаардын көчөлөрүндө кыймыл сээлдей түшкөндүгү байкалды. Бирок жаңы эрежелерден канчалык майнап чыгаары иш күндөрү башталган дүйшөмбүдөн ары карай белгилүү болмокчу.

Жаңы эрежелерге Бээжин айдоочуларынын баары эле кубанган жок. Бул айдоочу Олимпияданын айынан жолдо жүрүү кыйындап жатканын айтып баштады эле, аялы жеңинен тартып, сөзүн бүтүрткөн жок.

-Жаңы эрежелер жол кыймылы үчүн жакшы болот. Бирок мага окшогон жөнөкөй адамдарга чоң кыйынчылыктарды алып келет. Чындап келгенде, менимче Олимпия оюндары ...деген жерге келгенде, аялы сүйлөтпөй койду.

Шаардын көчөлөрүндө кайсы күнү кайсы номерлүү автоунаа жүргөнүн атайын көзөмөл аппараттары, анын ичинде камералар, ултрасонник жана микротолкун сканнерлер менен текшерип турушат, ким туура эмес күнү машинасын айдаса, 14 доллар айып төлөйт. Мындан тышкары, ишкана, кеңселерге жол тыгынын жеңилдетүү үчүн иш убактысын өзгөртүүгө кысым болуп жатат.

Ушул ишембиде Бээжинде жаңы метро каттамынын ачылышы да абалды кыйла жакшыртат деп күтүлүүдө. "Бейтуичең" метро аялдамасында турган бул шаар тургуну жаркыраган жаңы вагондорго, метронун ички жасалгасына суктанып карап турду:

- Поезддер так жүрүп атышат. Башка метро бекеттеринде мындай тактык кайдан?! Замандын талабына ылайык, ошол эле мезгилде нагыз кытайлык метро болуптур, дейт ал.

17 миллион киши жашаган Бээжинде аба ушунча булганыч болгондуктан, келерки айдагы Олимпия оюндарынын уюштуруучулары айрым күндөрү - өзгөчө күч жумшоону талап кылган спорт оюндары кийинкиге калтырылышы мүмкүн экендигин эскертишүүдө.

XS
SM
MD
LG