Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

КЫРГЫЗСТАНДА КЫЛМЫШТУУЛУК АЗАЙДЫБЫ...?


Өткөн жумадагы Ички иштер министрлигинин жарым жылдык ишинин жыйынтыгында ”Кыргызстанда кылмыштуулук, анын ичинде оор кылмыш жасоо фактылары азайды” деген маалымат берилген. Жарандык коомдун өкүлдөрү тескерисинче Кыргызстан кылмыш өлкөсүнө айланып баратат деп чочулашууда. Эларалык уюмдардын иликтөөлөрүндө Кыргызстан коррупциячыл өлкөлөрдүн катарына кошулуп келатат.

Ички иштер министрлигинин жарым жылдык жыйынтыгында өлкөдө кылмыштуулук 0,8 пайызга азайган. Аны жакында өткөн ички иштер министрлигинин коллегиялык жыйынында расмий бышыктады. Бул тууралу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сеитов:

"Мурдакы жылдарга салыштырганда Кыргызстанда кылмыштуулук азайды. Кылмыштуулуктун алдын алууда көрүлгөн иш-аракеттердин натыйжасы болду деп ойлойбуз. Анткени жер-жерлерде коомдук уюмдар түзүлүп жатат. Анда кылмыштуулукту болтурбоонун иш-чаралары иштелип чыккан."

ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчисинин “Азаттык” үналгысына берген маалыматында ”Кыргызстан боюнча өткөн жылы оор кылмыштын саны 10 144кө жеткен. Үстүбүздөгү жылы болсо оор кылмыштын саны 2 614тү түзгөн. Адам өлтүрүү боюнча өткөн жылы 211 фактысы катталса, 2008-жылы адам өмүрүн кыйган кылмыш кыркка азайган”, деп ырастады.

Айрым жергиликтүү серепчилер бул сандарды чындыкка сыйбаган көрсөткүчтөр деп баалашат. Алардын кээ бирлери ИИМ оор кылмыштардын бетин ача албагандан кийин “кылмыштуулук” деп майда-барат иштерден түзүлгөн отчетторду айтышууда деген пикирде. “Эгерде кылмыштуулук азайган болсо милициянын убактылуу кармоочу жайларында адам катары азаймак”, дейт укук коргоочу Азиза Абдырасулова.

"Жаза аткаруу жайларында болобу, милициянын убактылуу кармоочу жайларында болобу, азайгандык байкалбайт. Эгерде кылмыштуулук азайган болсо камоочу жайларда билинет эле. Айрыкча кылмыштуулуктун оор түрү ачылбаган бойдон калууда. Буйуртма жол менен өлтүрткөн деген кине менен камалгандар көп. Жөн жеринен камалып кетти деп кайрылгандар канча..."

Укук коргоочу өлкөдө уюшкан оор кылмыштардын бети ачылбаган бойдон калууда деген көз карашта. Адам өлтүрүү окуяларында кылмышкерди табуунун ордуна,”буйуртма” берген деген кине менен кылмышты кимдир бирөөнүн мойнуна зордук менен жүктөп, ишти жаба коюу Кыргызстандын күч органдарында кадыресе адатка айланган деген пикирде.

"Канчалаган аттуу-баштуу адамдар киши колду болуп өлгөн фактылар кайталанууда. Аны өлтүргөн кишини кармап, анын эмне себептен өлтүргөңдүгүн укканыбыз жок. Канчалаган журналисттерге кол салуулар болуп жатат. Кылмыштуулуктун майда-баратын соттоонун ордуна, жазанын башка түрүн колдонуу ишке аша баштаганы айкын. Ал эми кылмыштуулук азайды деген ИИМдин маалыматына ишенүү кыйын."

Ошондой эле оор кылмыштардын бети ачылбай жатканына жогорку бийликте турган адамдардын байланышы себеп деген божомолдор да бар. Айрым депутат, саясатчы, коомдук ишмерлер болсо ИИМдин кызмат абалынан пайдаланып жасалган кылмыштардын саны азайды деген маалыматына макул эмес. Муну эларалык уюмдардын Кыргызстан коррупцияланган мамлекеттердин катарына киргенин байма-бай айтып жатканы да ырастайт.

ИИМдин жакында берген жарым жылдык отчеттук маалымдамасында өлкө боюнча 2008-жылдын алты айында кызматтык кылмыш кылгандардын саны 523 деп белгиленет. Ал эми 2007-жылы кызматтык кылмыштуулук боюнча 1001 кылмыш иши ачылган. Башкача айтканды алты айда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 109 кызматкерге кылмыш иш козголгон. Бул маселе тууралуу оюн билүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаты Рашид Тагаевди телефон аркылуу сөзгө тарттык.

"Кылмыштуулук азайды дегенге бир сөз менен баа берүү кыйын. Эми бир жылда көбөйөт, башка жылда азаят - бул турмуш ченемдүү көрүнүш. Азыркы министрдин аракетине карап туруп, азайды дегенге кошулат элем. Анткени биз депутат катары жер-жерлерди кыдырып, эл менен жолугушуп жатпайбызбы. Эл учурдагы Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жүргүзүп жаткан иштерине ыраазы болгон пикирлерди уктук. Элет жериндеги милиция кызматын автомашиналар менен камсыз болушу, айылык акыларын көтөрүү аракеттери, алдыңкы милиция кызаткеринин ишине маани берип жаткандык алда-канча кылмыштуулуктун азайышына көмөк болбой койбойт."

Депутат кылмыштуулук азайды деген маалыматтын күнгөй-тескейлерине терең талдоону сунуштайт. Анын ишениминде азыркы ИИМ жетекчисининин аракеттерин кылмыштуулукту кыскартууга өбөлгө катары караса болот. Жер-жерлерде милиция бөлүмдөрүн автоунаалар менен камсыздоо, тартип сакчыларынын айлык акыларынын көбөйүшү өлкөдөгү “кылмыштуулук” деген илдеттин бир аз болсо да азайышына көмөк көрсөтүп жатат дегендей оюу менен Р.Тагаев бөлүштү.

Айтмакчы Ички иштер министрлигинин маалыматында Кыргызстанда “адам сатуу” кылмышы жылдан жылга өсүп баратканы белгиленет.

Сүрөт: http://www.mvd.kg/osce/grajd_obshes.php интернет булагынан алынды

XS
SM
MD
LG