Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:12

Британ өкмөт башчысы Гордон Браун Израилди Иордандын Батыш жээгинде конуштарды курууну токтотууга жана палестиналыктардын ары-бери каттоосу үчүн киргизилген чектөөлөрдү жеңилдетүүгө чакырды. Кечээ Палестинада болгон учурунда британ премьер-министри автономиянын өкмөтүнө кошумча каражат жана полиция күчтөрүн даярдоодо жардам берүүнү убада кылды. Ал бүгүн Израилдин парламентинде сөз сүйлөйт.

Британ өкмөт башчысынын көз карашында, Израил менен Палестина келечекте ийиндешип жашаган мамлекеттер болушу керек. Гордон Браун Вифлеем шаарында палестин президенти Махмуд Аббас менен бирге өткөргөн маалымат жыйыны учурунда белгилегендей, эки коңшунун жарнакташып жашоосу көбүнесе кыянатчылыктардын биртоло токтошуна жана Израилдин Батыш жээктеги конуштары боюнча тараптардын ортосундагы пикир-келишпестиктердин чечилишине көз каранды:

-Палестиналыктарга адилеттүүлүктү, Израилге узак мөөнөттүү коопсуздукту алып келген тынчтык келишими - бул жердин, аймактын эле эмес, бүткүл дүйнөнүн кызыкчылыгындагы иш. Менин ишенимимде, буга окшогон ийгиликти жасоого болот. Мен президент Аббасты, палестин бийликтерин, палестин элин баары үчүн тынчтыкка жана адилеттүүлүккө жетүү аракетинде колдоону уланатам.

Британ өкмөт башчысы Гордон Браун андан аркы сөзүндө кошумчалагандай, Израилдин Батыш жээкте коопсуздук коргонун куруусу - жөөт–палестин чатагын жөнгө салуу боюнча аракеттерди күчөтүү зарылдыгын көргөзүүдө:

- Вифлеемди тынчтыктын жана үмүттүн символу катары бала кезимде эле Библиядан окуп, билгем. Бирок бүгүн бул жердеги дубал - палестин эли адилеттүүлүккө жана оккупациянын аякташына, ишке жарамдуу палестин мамлекетине тезинен муктаж экенинин ачык далили.

Гордон Браундун пикиринде, экономикалык бакубатчылык - тынчтыкка жетүүдөгү чечүүчү фактор. Андыктан ал Израилди Батыш жээкте палестиналыктардын ары-бери каттоосу үчүн киргизилген чектөөлөрдү жеңилдетүүгө чакырды. Анткени мындай чаралар соода–сатыкка тоскоолдук кылууда.

Британ өкмөт башчысы быйыл Палестин автономиясына кошумча 60 миллион доллар каражат ажыратууну жана полиция күчтөрүн даярдоодо жардам көргөзүүнү убада кылды.

Палестин жетекчилиги менен жолукканга чейин ал оболу Иерусалимде Израилдин президенти Шимон Перес менен сүйлөшүү өткөргөн эле. Өз тарабынан Израилдин президенти анын өлкөсү да тынчтыкты кааларын дагы бир ирээт кайталады:

- Европа, Англия, Иордания, палестиналыктар сыяктуу эле биз да чын жүрөктөн тынчтыкты каалайбыз. Буга жетүү үчүн, эгер ал өзү коркунуч жаратпаса, биз күч–аракет жумшоого жана кун төлөөгө даярбыз.

Гордон Браун бүгүн Израилдин парламентинде сөз сүйлөмөкчү. Бул британ өкмөт башчысы жөөт парламенти - Кнессетке кайрылган биринчи учур болот.

Британ өкмөт башчысы Израилге келгенге чейин Иракта токтоп, премьер-министр Нури ал-Малики жана өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан британ жоокерлери менен кездешкен эле. Гордон Браундун айтымында, өкмөттө Ирактагы британ аскерлеринин санын азайтуу ниети бар, бирок ал аскерлерди алып кетүүнүн так мөөнөтүн белгилөөдөн баш тартты. Ирактагы британ аскерлеринин саны азыр 4 миңдин тегерегинде.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG