Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

С.Жалили: Иран өзөктүк программасынын айланасындагы талашты чечүүнүн үстүндө иштеп жатат


Бул тууралуу Тегерандын өзөктүк программасы боюнча өкүлү Саид Жалили билдирди. Анын айтымында, расмий Тегеран Батыш өлкөлөрү менен өзөктүк программанын айланасындагы пикир келишпестикке олуттуу мамиле жасайт. Ишемби күнү Женевада Саид Жалили Евробиримдиктин жана дүйнөлүк державанын өкүлдөрү менен жолугушту. Дүйнө коомчулугу эгерде Тегеран уран байытуу программасын токтотсо, анын ордуна экономика тармагында жардам берип, мурда киргизилген чектөөлөрдү алып таштоого убада беришти. Сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы эки аптадан кийин болот.

XS
SM
MD
LG