Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

Советтер Союзу ыдырагандан тартып суу маселесин чечүү максатында Борбор Азия мамлекеттери тарабынан бир нече документтер даярдалып, эл аралык долбоорлор иштелип чыккан. Бирок мындай аракеттерден жемиштүү жыйынтык чыкпай келаткандыгын серепчилер айтышууда. Кыргызстанда учурда болуп жаткан энергетикалык кризис Борбор Азия чөлкөмүндөгү төрт мамлекеттин суу маселесине байланыштуу өз ара мамилелеринин чыңалышына алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар да жок эмес.

Социал-демократтар фракцясынан Жогорку Кеңеште депутат Бакыт Бешимов суу маселесинин курчушу Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын бул маселени терең карабай жатканынан улам болууда деген пикирде:

- Өкмөт башчы И.Чудинов апрель айында ушул маселени катуу коюп, премьерлер менен сүйлөшөбүз деп айткан. Азыр апрель эмес, июль өтүп баратат. Премьерлердин ортосунда бул маселе жакшы, терең каралган жок. Ошонун негизинен бул маселе ырбап жатат.

Кыргызстанда 1-августтан тарта электр жарыгы кайрадан маал маалы менен өчүрүлө баштаарын Отун жана өнөржай, энергетика, отунсуу ресурстар министрлиги кабарлаган эле. Министрлик мындай чара учурда “Токтогул” суу сактагычында суунун көлөмү төмөн болуп жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Учурда суу сактагычта сууну көлөмү 9 миллиард кубометрдин тегерегинде болууда. Бул былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге аз.

Кыргызстан ушинтип энергетикалык кризистен кантип чыгуунун айласын таппай жаткан маалда Казакстан Кыргызстандан суугат суу ала албай жатат, сууну өзбектер менен тажиктер тосуп алыптыр деген маалымат тарады.

Ал эми Казакстан дүйшөмбү күнгө чейин кыргыз тарап бул маселени чечпесе, алардын “Достык” каналына суу келбесе алар Кыргызстан менен электр жарыгын сатып алуу боюнча келишимди үзөбүз деп билдиргени жана Казакстан Кыргызстандан суу берүүнү токтоткула деп кайрылгандыгы тууралуу Кыргызстандын расмий өкүлдөрү кабардар эмес экенин айтышты. Өнөржай, энерегетика, отунсуу ресурстары министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов “Азатыкка” берген маегинде төмөнкүлөргө токтолду:

- Андай маалымат түшкөн-түшпөгөнүн билбейм. Бул маселе бар. Анткени төрт тараптуу жолугушуулар эки ирет жыйынтыксыз аяктаган. Анан бул жерде Кыргызстан менен Казакстандын мамилери экономикалык маселелерге такалып, мурункудай жеңил чечилбей калды. Өзбекстан менен маселелерди өтө оор чечип келатабыз. Ошону үчүн төрт тараптуу сүйлөшүүлөр ЕврАзЭС боюнча, КМШ жагынан болсун такай көтөрүлүп келатат. Бирок жыйынтыгы аз болууда.

Канткен күндө да Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, суу маселесинде принципиалдуу позицияда туруусу зарыл, дейт Бакыт Бешимов:

- Суу биздин негизги ресурсубуз болгондон кийин биз бул маселеге карата катуу позицияда болушубуз керек. Өзүбүздүн кызыкчылыгыбыз үчүн бекем турушубуз керек да. Өз элибизге суугат суу жетишпей жатса эмне үчүн “Токтогул”суу сактагычынан сууну Өзбекстанга жиберип жатышат.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Казакстан Кыргызстан менен келишимди үзөбүз деп билдиргени Кыргызстанга каршы багытталаган жок, мындай жол менен алар Өзбекстан менен Тажикстанга наарызылыгын билдирүүдө деп эсептейт:

- Алар Кыргызстан сууну агызганды токтотсун деп атат. Болбосо Өзбекстан менен Тажикстан казактардын суусун алып коюп жатат. Өзбекстан төрт тараптуу келишимге кол койбостон, Кыргызстан менен жекеме жеке сүйлөшөм деп атат. Бул албетте мамлекеттердин ортосунда нааразычылыкты, карама-каршылыкты күчөтөт. Бул маселенин жаман жагы. Жакшы жагы-суу маселеси Борбор Азияда бириктирүүчү факторго айланышы мүмкүн.

Саясатчы Өмүрбек Текебаев суу тартыштыгы Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирүүгө өбөлгө түзөт деген ишенимин билдирсе, саясат таануучу Орозбек Молдалиев андай оптимисттик көз караштан алыс экенин айтат. Ал Борбор Азия чөлкөмүндөгү туруктуулуктун бузулушуна кызыкдар болгон мамлекеттер региондогу суу маселесинен келип чыккан кырдаалдан пайда табуу коркунучу бар экендигин эскертти:

- Биздин регион ынтымакташып кетсе, өзүнчө бир күчкө айланса өз алдынча саясат жүргүзүп кетет деген чоочулоолор бар. Анан ошолорго биз ушул кырдаалдан пайдалангыла деп себеп берип жатабыз.
XS
SM
MD
LG