Бул тууралуу саясат таануучу Жолборс Жоробеков “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, аталган кыймылдын мүчөлөрү ээрден шыпырылган мурдагы атка минерлер чогулуп алып энергетика, азык-түлүк коопсуздугуна байланыштуу маселелерди чечүүгө жардам берет элек деген сунушу жага бербейт. “Эмне үчүн алар азыр айткандарын ошол жооптуу кызматта иштеп турганда жасашкан эмес”,-дейт Жоробеков. Өткөн жумада “Бирдиктүү Кыргызстан” аттуу коомдук-саясий кыймылы билдирүү таратып, үч жыл мурда алмашкан бийлик эл үмүтүн актабаганын, бөлүп-жаруу саясаты уланып жатканын белгилеген. Кыймыл ошондой эле бийликтен тез арада азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды иштеп чыгууну талап кылып, өлкөнү кыйынчылыктан чыгаруу боюнча бийликке жардам берүүгө даяр экенин билдирген.(AJ)