Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

14:30 Өлкө башчысы ушул айдын соңунда Олимп оюндарына катышуучу спортчулар менен жолугушат


Бүгүн президент Курманбек Бакиев ушул айдын соңунда ХХIХ жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Пекинге жөнөп бараткан Кыргызстандын спортсмендери,олимпиадалык курама команданын өкүлдөрү менен жолугушарын айтты. Мамлекет башчысы белгилегендей, акыркы жылдарда Кыргызстанда спорттун массалык жана профессионалдык түрлөрүн өнүктүрүүгө, жаштарды спорт жана дене тарбиясы менен машыгууга активдүү тартууга өзгөчө көңүл бурулууда. «Биз өзүбүздүн олимпиадачыларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө тийишпиз. Өкмөт бекиткен материалдык сыйлыктардан тышкары башка стимулдар да бар. Мисалы, өзүңүздөр билесиздер, Олимп оюндарынын чемпиондорун жана призерлорун мамлекеттик колдоо жана жогорку спорттук жетишкендиктерди колдоо максатында мен 2008-жылдын 1-январынан тарта Олимп оюндарынын чемпиондоруна ай сайын жыйырма миң, күмүш байге ээлерине он жети миң, коло медаль ээлерине 15 миң сомдон өмүр бою берилчү спипендияны уюштуруу жөнүндө Жарлыкка кол койгом. Мындай стипендияны биздин даңктуу спортчубуз, Москва олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев алып жатат. Биздин спортсмендер теңелүүгө аракет кылчу үлгү да, умтулчу максат да бар»,- деди Курманбек Бакиев. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG