Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Соңку кездерде өлкөдө, өзгөчө түштүк аймактарында диний кырдаал кооптуу болуп бара жатканы жөнүндө сөздөр айтылууда. Өлкөдөгү диний кырдаалга байланыштуу теолог Асан Саипов “Азаттык” менен ой бөлүшөт.

- Сиздин оюңузча диний кырдаал боюнча кооптонууга канчалык негиз бар?

- Бүгүнкү күндө дин тарабындагы кооптонуулар, айрыкча көпчүлүк биздин жетекчилер тарабынан ислам дининен бир аз кооптонууларды көбүрөөк элге жарыяланып, көбүрөөк ислам дини тараптан кооптонуулардын болушу байкалууда. Бирок чындыгында ушул диний кооптонуулардан бир гана ислам динине багыт берүү менимче туура эмес. Бул жеке кооптонуулар ислам дининен эмес.

Бүгүнкү күндө башка багыттагы диний секторлордон дагы көбүрөөк кооптонушса жакшы болмок. Себеби, Ат-Башынын Куланак айылындагы болгон окуя кыргыздар менен кыргыздардын бир айылга батпай калышы же адам өлгөндө маркумду жерге берүүдөгү келип чыккан чыр-чатактар буга чейин эле катталган эле. Бирок бүгүнкү күндө мындай көрүнүштөр бара-бара көбөйүүдө. Себеби жакында эле Ош тарапта “Хизб-ут-Тахрир” сыяктуу өзүлөрүн ислам деп атаган диний уюмдар балким биздин жетекчилерди кээ бир өздөрүнүн туура эмес жактары менен исламды туура эмес түшүнүүдө, аяттарды туура эмес ачыктоодо, элге туура эмес пикирлерди жеткирүүсү биздин күч органдарын коопсуздукка салууда.

- Асан мырза, тыюу салынган “Хизб-ут-Тахрир” уюму ишмердүүлүгүн күчөтүп бара жатканы байкалууда деп айтылууда. Сиздин баамыңызда мындай уюмдардын таасири чын эле күчтөнүп бара жатабы?

- Бул менин оюмча туура эмес пикир. Себеби, өздөрүн “Хизб-ут-Тахрир” партиясынын өкүлүбүз деп анын эмне экенин билбестен, исламды туура билбегендиктен ушул уюмдун пикирлери туура деп кирип жаткан боордошторубуз көбөйдү. Айрыкча өзбек калкынын арасында көбөйүп бара жатканын күч органдары байма-бай айтып келүүдө.

Чындыгында биз элге туура исламды жеткирген болсок, мындай кооптонуулар аз болмок. Себеби, бир гана Кыргызстан мусулмандар дин башкармасы гана алектенбестен, мамлекет дагы жаштарыбыздын туура ислам динин үйрөнүшүнө көмөк көрсөтсө, балким мындай кооптонуулар чыкмак эмес.

- Кабарыңыз болсо керек учурда динге ишенүү эркиндиги боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканы белгилүү. Аны менен тааныш да болсоңуз керек. Ушул мыйзамда негизги өзгөртүүлөр кайсылар сиздин оюңузча?

- Негизи бул мыйзамдарды көп жылдардан бери чыгарууга аракет кылып келген. Тилекке каршы ушул күнгө чейин иштешкен эмес. Себеби, өкмөт алдындагы мамлекеттик дин агенттигинин жасаган аракети бир кыйла дин мыйзамында өзгөртүүлөргө толуктоо киргизебиз деп, мурунку Калматов агайыбыз бир топ аракеттери жасап келди. Бүгүнү күндө бул азыркы дин агенттигинин жетечиси Каныбек Осмоналиевге туура келип турат. Каныбек Осмоналиев бүгүнкү күндө бул маселе боюнча катуу иштеп жаткан учуру.

Бирок бүгүнкү күндө мыйзам бир тараптуу болуп кабыл алынса жакшы болмок. Себеби, бизге бүгүнкү күндө ар түрдүү диний секторлор өздөрү дин катары агылып келип, Кыргызстандан орун алып атышат. Буларды мамлекетте илгертен өзүбүз эгемендүүлүк алгандан кийин эле буларга Конституциялык жактан туура багыт берип, аларды биздин мамлекетке киргиздирбей коюуга, Конституцияны ошого карата туура ракурста кабыл алганда, балким бүгүнкү күндөгүдөй ар түрдүү окуялар мамлекетке кооптонууну алып келбейт эле.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG