Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

15:25 Чолпон ата-Бишкек автожолундагы автокырсыктан 8 адам каза болду


Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин саат 12:30 берген маалыматы боюнча билдиргенине караганда, Токмоктун шаардык ооруканасына 25 адам жеткирилген. Алардын бешөөнө медициналык амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Төртөө реанимацияга, тогузу хирургия бөлүмүнө, жетөө травматология бөлүмүнө жаткырылган. Кырсыктан жабыр тарткан дагы жети адам Чүй аймактык ооруканасында дарыланууда. Аларга жардам көрсөтүү үчүн республикадагы жана Бишкектеги мыкты адисттер тартылган. Токмокто Улуттук госпиталдын жана Бишкек травматология илимий борборунун дарыгерлер бригадасы да жардам көрсөтүшүүдө. Саламаттык сактоо министри Марат Мамбетов Казакстандын саламаттык сактоо министри Анатолий Дернов менен телефон аркылуу байланышып, автокырсыкка байланыштуу окуяны талкуулап, жабыр тарткандарга көрсөтүлүп жаткан жардам тууралуу маалымдаган. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын саат 15:00 маалыматына караганда учурда жаракат алган Казакстандын 16 атуулу мекенине жеткирилет. Он адам Токмоктун ооруканасында дарыланат. Токмокко Казакстандан 4 реанимобиль келген. Чүй аймактык ооруканасына жаткырылган тогуз адамдын сегизөөнү жакындары келип алып кетишкен. Кырсыктан жабыркаган эки бала ооруканада дарыланууда. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев автокырсыктан он адам каза болгонун эртең менен “Азаттыкка” билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG