Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

16:50 Мамлекеттик тилде баяндалган Кылмыш-Жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө мыйзамга кол коюлду


Президент Курманбек Бакиев бүгүн “Мамлекеттик тилде баяндалган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 172-1 беренсине толуктоо киргизилген, ага ылайык, жер участкаларын массалык түрдө ээлеп алуу учурунда өзүм билемдик менен жер участогун басып алганы үчүн эгер мындай аракет эгин талааларын, түшүмдү зыянга же жок кылууга дуушар кылып, ири материалдык чыгымга учуратса, эки жылга чейинки түзөтүү иштери түрүндө альтернативалык жаза белгиленет. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG