Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:40

17:40 Ысык-Көл районунда бөлтүрүгүн издеп короого карышкыр кирген


Адистер Ананьево айылынын четиндеги мал сарайга кирген он карышкыр бөлтүрүгүн издеп келген канчык карышкырлар деп аныкташты. Райондук ветеринардык станциянын жетекчисинин орун басары Турат Молдокулов жергиликтүү эл тоодон бөлтүрүктөрдү айылга алып келгенден кийин эле бул окуя болгонун айтып жатат. Ал эми карышкырды атып, жоготуу боюнча облустагы мергенчилик чарбасы менен иш жүрбөй жатканын мойнуна алган Турат Молдокулов, ал эмес жолбун иттердин санын азайтуу дагы көйгөйгө айланганын билдирди. Карышкыр жара тарткан бодо малдын эти боюнча учурда ветеринардык жана санитардык текшерүү жүргүзүлгөн жок. (RB)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG