Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

17:47 Нарын шаар тургуну облустук администрациясынын алдына үйбүлөөсү менен пикетке чыкты


Нарын шаардык Кеңешинин мурдагы чакырылышынын үч жолку депутаты Амантур Төрөгелдиев келини, аялы менен пикетке чыгышынын себеби, Нарын облустук сотунун 18-июлдагы чечими себеп болгон. Төрөгелдиев баласы Эркинбек Төрөгелдиевди тергөөчү милициянын подполковниги Кубанычбек Бугубаев өз үйүнөн уруп, денесине оор жаракат келтирди деп Нарын шаардык прокуратурасына арыз жазга. Нарын шаардык соту Бугубаевди кылмыш жаза кодексинин 234-беренесинин 1(б) пунктунун жана 104-беренесинин 1 бөлүгүнүн негизинде күнөөлү деп таап, 7 жылга соттолсун деп чечим чыгарган. Бугубаевдин аппеляциялык арызынын негизинде облустук сот 18-июлда кечки саат сегизден кийин далилдер жетишсиз деп актап жиберди. Андыктан мөөнөтсүз нааразылык акциясын баштайм, деп кошумчалады Төрөгелдиев. (JI)

XS
SM
MD
LG