Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:09

Бишкек шаар башчылыгы “Ататүрк” сейил багынын жанынан жеке үй курууга уруксат берүү мыйзамга кайчы келерин белгилеп, андайга уруксат бергендердин жоопкерчилигин териштирүү үчүн тийиштүү документтерди прокуратура органдарына берди. Мындай чечим шаар башчылыктын апта соңундагы коллегиясында кабыл алынган. “Ататүрк” багынын жанынан жеке үй курууга 130 участок бөлүнгөн.

Башкалаа жетекчилеринин өткөн жумадагы чоң жыйынында “Ататүрк” багында курулуп жаткан кансарайлардын маселеси козголгон. Коллегия катышуучулары Жер кодексине кайчы келген Бишкек шаар башчылыгынын чечими мыйзамсыз деп табышкан.

Бишкек шаар башчысынын биринчи орунбасары Олег Тарбинскийдин маалымдашынча, 2002-жылдан бери шаар башчылыгы менен Октябрь райондук акимчилиги бактын жанынан 130 участок бөлүшкөн. Анын 125 участогу катталган.

Бак отургузулган аянттын чеги 1992-жылы аныкталган. 1999-жылы Жер кодекси кабыл алынган соң Бишкек шаар кеңеши аны жаңы мыйзам талабына ылайыкташтырышы керек эле, бирок андай иш жасалган эмес. Анын ордуна 2004-жылы Бишкек архитектура башкармалыгы “Ататүрк” багына кирген жердин чегин жаңыча аныктаган планын бекиткен. Жеке менчик үй курууга жер бөлүү мына ошол план негизинде жүргүзүлгөн.

- Биздин жумушчу топтун бүтүмү баарын тартипке келтириш үчүн токтомдорду жокко чыгаруу болду. Маалымат үчүн айта кетейин, Октябрь районунун башчысы Союзбек Салиев мурда кабыл алынган райакимчиликтин токтомдорун жокко чыгарган чечимди буга чейин эле кабыл алган. Бирок да бул жөнжай маселе эмес. Кишилер жер бөлүп берүү жөнүндө токтом, мамлекеттик каттоо кагазын, жер ээлик күбөлүгүн алышкан, - дейт Бишкек шаар башчысынын биринчи орунбасары Олег Тарбинский.

Ушу тапта шаар бийлигин ойлонтуп жаткан маселе мыйзамсыз деп табылган жерге салынып калган үйлөр бузулуп кала турган болсо ортодогу чыгымды ким төлөп берет суроосу болууда. Октябрь районунун акими Союзбек Салиев 56, Бишкектин жаңы шаар башчысы Нариман Түлеев 70ке жакын токтомун жокко чыгарышканы менен, алдыда соттук териштирүүлөр, чоң талаш-тартыштар туру. Октябрь районунун акими Союзбек Салиев соттук териштирүүлөр узакка созулушунан шек деле кылбайт.

- Мисалы, биздин райондук администрация менден мурунку аким аны жокко чыгарган. А мен болсо аны сотко берип, сот аркылуу аны жеткиргенге аракет кылып жатабыз. Сот эми кээ бир жерлерде бизди колдойт, кээ бир жерлерде тигилерди колдойт. Ошентип 8 айдан бери соттошуп келатабыз.

О.Тарбинский Бишкек шаар башчылыгынын беш жылдык токтомдорун жокко чыгаруу кыйынга турганын, айрым кызмат адамдары документтерди жок кылып коюшканын маалымдады. Маселен, Октябрь районунун 2006-жылы кабылган 412-токтомунун түпнускасы жок. Андай маселелердин бары-жогу эми сотто териштирилмекчи. Бишкек шаар архитектура башкармалыгынын жетекчиси Онушбек Турсунбаев иш мыйзам негизинде чечилиши керек дейт.

- Жыйынтыгы чыкса биз ошого жараша парктын акыркы чек арасын белгилейбиз. Бизде коллегиянын чечими бар.

Өткөн жылдын 16-майында президент К.Бакиев атайын бурулуп “Ататүрк” багына кирбесе кансарайлар курулушу токтолмок деле эмес. Кенен бир жыл иликтенген талаштуу маселе аягы чыгар-чыкпасы деле белгисиз. “Ататүрк” багынын жанынан жер алган “Акыйкат” элдик партиясынын жетекчиси Кубанычбек Дүйшөбаев ошол кездеги мыйзам негизинде чечим чыгарылган дейт.

- “Мыйзам чегинде болсо, эч кандай мыйзам бузуу болбосо, биздин да шаар ичинде участкабыз жок эле, алалы”, деп арыз менен кайрылганбыз. Анын баары мыйзам чегинде болгон. Анын баары мыйзам чегинде каралгандан кийин мыйзам чегинде кагаздары менен мыйзамдуу түрдө алганбыз. Ал жерде эч кандай мыйзам бузуу болгон эмес.

Бирок сот чечимин күтпөй эле Бишкек шаар башчылыгы бактын ичине үй салгандарга коммуналдык кызмат көрсөтпөө чечимин чыгарды. Талаштуу маселе ошентип сотто чечилет окшоп калды. Сот бийлиги 5 жылдык токтомдорун толугу менен жокко чыгарган жергиликтүү бийлик жетекчилеринин аракетин туура көрөбү же капчыктуулардын таламын жактайбы суроосуна жоопту эки тарап тең күтүп отурушкан чагы.
XS
SM
MD
LG