Орусиялык массалык маалымат каражаттары кабарлагандай, 20-июлда Орусиянын Ленинград областынын Тосненск районунда 25-жаштагы Шамшиевдин сөөгү табылган. Укук коргоо органдарынын маалымдашынча, Шамшиев Тосно шаарында жемиш базасында иштеген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы кабарланууда.(MSu)