Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

И.КАДЫРБЕКОВДУ КОЛДОО ТОБУ ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛАТ


Апрелдин аягында Архитектура жана курулуш агенттигинин мурдагы директору Ишенбай Кадырбеков, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген негизде каржы полициясы тарабынан кармалып, учурда Бишкектеги убактылуу кармоочу жайда отурат. Буга нааразы болгон Теңир-Тоолуктар Ишенбай Кадырбековду колдоо демилгелүү тобун түзүп, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча мамлекет башчысына кайрылып жатышат. Аталган топ, “чыдамыбыз түгөндү, эми 27-июлда Кадырбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлбөсө, ар кандай нааразычылык акциясына чыгабыз” деген кайрылуу менен 18-июлда Нарын академиялык музыкалык драма театрынын алдында тынчтык митингисин өткөрүштү. Бул күнү аталган жерде Акыйкатчы Турсунбек Акун, “Адам укуктарынын сакталышы жана эркиндиги” деп аталган аймактык конференциясын өткөрүп жаткан.

Кадырбековду колдоо демилгелүү тобу өткөргөн тынчтык митингинин уюштуруучуларынын айтымында, Нарын районунун ар кайсы айылдарынан каттодон расмий өткөн 458 адам катышты деп билдиришти. Демилгелүү топтун жетекчиси Асыл Жаманованын билдиришинче айылдыктардын чөп чабыктын күчөп турган учуруна карабай келгени жакшы көрсөткүч. Конференцияга келген акыйкатчы Турсунбек Акунду Асыл Жаманова эшик алдынан тосуп, буларга токтолду:

- Биз сизге кайрылуу жибергенбиз. Алдыңызбы?

- Мен аны факстан алдым. Алып чыкканга толук укугуңар бар. Мен Ишенбай Кадырбековго эки жолу кирип чыктым. Ден-соолугун карадык. Колдон келген жардамды берип жатабыз. Президенке чейин кайрылып жатабыз.

Нарын районунун ар кайсы айылдарынан келген пикеттин катышуучуларына микрофон узатканыбызда алар буларга токтолду:

-Мен Токтобек Өмүрбековмун. Турсунбек Акунга кайрылуу жасайлы деп келгенбиз. Ишенбай Кадырбеков тууралуу. Күнөлүү эмес болсо сот далилдесин. Ага чейин чыгарып берсе.

-Менин аты-жөнүм Дүйшөнбай Кыдыров. Күнөөсү жок болгондон кийин канча айдан бери жатат. Жок дегенде ага чейин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үйүнө чыгарып турса болор эле.

-Мен Бурул Болсунбаева. Мен ал баланы колдойм. Кантип колдобой коёбуз? Жакшынакай эле иштеп жатты эле.

-Мен Кубанычбек Жумаев. Ишенбай Кадырбековду колдоп жатканыбыздын себеби, ал биздин өрөөндөн чыккан көрүнүктүү саясатчы болуп жатат. Өзүбүздүн кулунубузду колдобогондо кимди колбойбуз?

Кубанычбек Жумаевдин ою боюнча Кадырбековдун камалышы саясий буюртма:

- Карматкан боюнча бул менин оюмча саясий заказ. Оюн болуп жатат. Бул негизинен президенттик шайлоого ат салышуу оюндун бир түрү. Ага катыштырбастын амалы.

Акыйкатчы институту өткөргөн конференцияга катышкан Жогорку Кеңештин Коммунисттер фракциясынын депутаты Гүлжамал Султаналиева, уюштурулган пикетке тоскоолдуктар болгонуна токтолду:

- Биздин Нарындан чыккан лидерлердин бири Ишенбай Кадырбековдун укугун коргоп бергиле. Ошол мезгилде көрсөтөлү деп чыгып жаткан учурда биз бул жакка кирээр менен биздин УВДнын кызматкерлери сыртта калган балдарды камайбыз, урааныңарды алгыла, чыкканга укугуңар жок деп айтылган сөздөрдүн баардыгы тең биздин Теңир-Тоо жергесиндеги адам укугун канчалык деңгээлде тебеленип жатканын көрсөтөт.

Кадырбековду колдоо тобунун мүчөсү Ишен Айтмамбетов сөз алып буга чейин Кадырбековдун колдоочулар ар кандай нааразычылык акциясын өткөрөбүз дегендерине Кадырбековдун өзү каршы болуп келгендигин айтып, буларды белгилеп өттү:

- Мыйзамдуу түрдө билесиңер ар дайым мыйзамды кармап жүргөнбүз. Мен мыйзамдуу түрдө акталышым керек. Эгер мыйзамдын чегинде мамлекет мени актабаса, биз чыгабыз, бизге да намыс керек, бизге да баатыр керек. Акыйкатчыга орчундуу маселе коёбуз. Официалдуу теңдик менен каратып, ачык сот кылып, баардык массалык маалымат каражаты аркылуу көрсөтүп, ак болсо ак деп чыгарсын, кара болсо отургузсун.

Айтмамбетовдун айтымында, 27-июлга чейин алардын талаптары аткарылбаса ар кандай саясий акциялар башталат:

- Биз анда Кыргыз республикасынын Конституциясында жазылган адам укугу коргоо боюнча баардык чаралар менен өз укугубузду, Кадырбековдун укугун талашууга чечимдүү чара менен колдон келген ишибизди жасайбыз.

Кадырбековдун камалышы бийликтин саясий буйуртмасы деген пикирге акыйкатчы Турсунбек Акун мындайча оюн билдирди:

- Курманбек Салиевичти бул жерге аралаштырыштын өзүн мен туура көрбөйм.

Ал эми демилгелүү топтун жетекчиси Асыл Жаманованын айтымында, бүгүнкү күндө чогулган кол жети жүздөн ашып, кол топтоо акциясы облустун аймагында 27-июлга чейин улантылат.

XS
SM
MD
LG