Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:43

17:34 Нарын облусуна тартылып келинген 300 тонна ун сапатсыз деп кампада кармалууда


Мындай маалыматты Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Мирадил Бакашев “Азаттыкка” билдирди. Өкмөттүн алдындагы мамлекеттик сатып алуулар жана мамлекеттик резервдер боюнча агенттиктин резерв кору аркылуу 300 тонна ун Кытай республикасынан Нарын облусуна ташылып келинген. Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 6-майындагы 184-буйругунун негизинде аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө берилүүчү бул ундар сапатсыз деп табылып, атайын кампага түшүрүлгөн. Өкмөт токтомуна ылайык Нарын облусуна 34854 аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө 871 тонна 350 кг. ун тартылышы керек болсо, 21-июлга болгону 58 тонна ун Токмоктон алынып келинди дейт Мирадил Бакашев. Бул боюнча резерв кордун Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сайранбек Жумаев толук маалымат берүүдөн баш тартты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG