Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:46

Кыргыз диаспораларынын “Замандаш” эл аралык ассоциациясынын конференциясында чет жакта жүрүшкөн эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү, мекенинен сыртта ишкерлик кылып жүрүшкөн атуулдардын Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошуу демилгеси талкууланды. Айрым ишкерлердин айтымында, Кыргызстанга инвестиция тартууда же айыл чарбасын кайра иштетүүчү ишкана ачууда бюрократиялык бут тосуулар болууда. Президенттин администрациясынын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Ислам Рыскулов болсо өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө жардам берүүнү каалаган мекендештерге бийлик тарабынан ар тараптуу колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.



Орусия, Италия, Түштүк Корея, Казакстан, Германия, Түркияда иштеген кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышкан конференцияда эмгек мигранттарынын укуктары, кош жарандык алуу, пенсия, паспорт маселелериндеги проблемалар козголду. Ошондой эле Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө инвестиция тартуу боюнча демилге көтөрүлдү. Акыйкатчы Турсунбек Акун миграция маселеси боюнча мамлекеттик тиешелүү мекемелер коомдук уюмдардан артта калып жатканын белгиледи.

- Мамлекеттик органдар алдыда жүрүшү керек. Тескерсинче, биз дайыма артта калып жатабыз. Коомдук уюмдардын мындай демилгесин колдоо керек.

Турсунбек Акун эмгек мигранттарынын укугун коргоодо «Замандаш» ассоциациясы алгылыктуу иштерди жасагынын белгилеп, Миграция жана ишке жайгаштыруу боюнча мамлекеттик комитеттин иш аракеттерин сынга алып, чет жакта жүрүшкөн эмгек мигранттары боюнча анализ жүргүзүлбөгөнүн кошумчалады.

Аталган комитеттин жетекчиси Айгүл Рыскулова аларга карата айтылган сынды туура кабыл аларын, бирок эмгек мигранттары боюнча анализ жүргүзүлгөнүнөн акыйкатчынын маалыматы жок экендигин айтты.

- Акыйкатчы айтып калбадыбы эмгек мигранттары боюнча анализ жок деп. Бирок бизде ал бар. Мурунку акыйкатчы менен Миграция боюнча мамкомитеттин ортосунда келишим бар. Ал келишимге ылайык иштеп жатабыз. Акыйкатчыдан көптөгөн каттар келет. Жанагы жоголуп кеткен же чет жакта камалып жаткан жарандар боюнча маалыматтарды акыйкатчыга квартал сайын жөнөтүп турабыз. Эми Турсунбек Акун жаңы акыйкатчы болуп иштеп жатат. Балким ага маалымат жетпей калышы мүмкүн. Бирок ар бир сынга жөндүү реакция жасашыбыз керек. Сын биздин иштин жакшы болушу үчүн керек.

Айгүл Рыскулова ошондой эле чет жактагы коомдук уюмдар менен тыгыз иштешип, өлкөгө инвестиция алып келүүчү ишкерлерге өкмөттөн колдоо болоорун кошумчалады.

Ал эми чет өлкөлөрдө бизнес кылышып, бутуна турушкан айрым ишкерлер Кыргызстанга инвестиция алып келүүдө ар кандай бут тосууларга дуушар болушканын айтышты. Алардын бири Бейшенбек Дүйшөмбиев:

- Бизге жардам жок. Түз караган кишилер жок. Проблеманы тез чечкен адамдар жок. Ошондуктан биз сунуш киргизип жатабыз бир уюмду ачып түздөн-түз президенттин администрациясынын көзөмөлүндө болуп, биздин маселелерди чечип берсе деген. Эгерде бул ишке ашып калса, Кыргызстанга көптөгөн инвестиция келмек.

Москвадагы «Рус-партнер» компаниясынын жетекчиси Руслан Эшимов болсо айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү заводду кыска мөөнөттүн аралыгында ачып берүүгө көмөк көрсөтүүчү фирмалар көлөмдүү суммадагы каражаттарды талап кылышып, бул багытта ар кандай инстанциялардын көптүгүнөн улам маселе тез арада чечилчүүдөй эмес дейт.

- Эң эле жаман тоскоолдуктары, мамлекеттик инстанциялары көп болуп жатат. Башкаларды айтпай, өзүм жөнүндө айтайын. Мен бир ай мурда Москвадан келип айылыма чакан завод ачып, айылдын экономикасын көтөрөйүн дегем. Айыл өкмөтү, аким менен сүйлөшүп бир кичинекей завод ачайын дегем. Ошол завод курганга жер участогу бар экен. Бирок ал участокту мага каттаганга болбойт экен. Себеби мен Орусиянын атуулдугун алгам. Ошондон улам жоопкерчилиги чектелген ишкана ачышым керек экен. Бул боюнча Ысык-Көл облусунун адилет башкармалыгына кирдим. Ал боюнча бизде полномочие жок, Бишкектен ачышыңыз керек деди. Бишкекке келип эки жумадан бери барбаган жерим калган жок. Негизинен инстанциялар абдан көп экен. Ал эми эки-үч күндө ишкана ачып беребиз, документтерди бүтүрүп беребиз деген фирмалар он-он беш миң сом төлөгүлө, беш жүз долларды министрликке беребиз дейт. Мындай коррупциялашкан фирмаларга ишкана ачтыргандан көрө, жеке демилгечилердин ишин тез арада чечип берсе жакшы болмок.

Руслан Эшимов белгилегендей эгерде инвестиция алып келебиз деген чет жактагы кыргыз атуулдарына мамлекеттик кепилдик, ар кандай жеңилдиктер берилсе өлкөнүн экономикасын көтөрүү багытындагы бир нече долбоорлорду ишке ашырууга болот.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Ислам Рыскулов өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө жардам берүүнү каалаган мекендештерге бийлик тарабынан колдоо болоорун, чечилбеген маселелер болсо “Замандаш” ассоциациясы аркылуу жеке өзүнө кайрылып тургула деди.

Кыргыз диаспораларынын “Замандаш” эл аралык ассоциациясынын конференциясы Ысык-Көлдө улантылат. Анда көтөрүлгөн маселелер, сунуштар президентке жана өкмөткө жолдонушу күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG