Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

УЛУТТАР УЮМУНДА ГРУЗИЯ-ОРУСИЯЛЫК КЕР-МУР АЙТЫШУУ


Амирбек Усманов, Прага Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде Москва-Тбилиси арасындагы чатак талкууланды. Грузиянын элчиси Ираклий Аласаниянын маалымдашынча, жыйында Кеңештин көпчүлүк мүчөлөрү Грузиянын бүтүндүгүн жакташып, россиялык учактардын 8-июлдагы Грузиянын аба мейкиндигин бузуусун айыпташты. Россиянын элчиси Виталий Чуркин талкуу алдында ырасмий Тбилисини «бузукулук аракеттерин» токтотууга, жикчил региондор: Абхазия жана Түштүк Осетия менен мамилесин жакшыртууга чакырды.

БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги талкуу Грузиянын өтүнүчү боюнча өттү. Жабык эшик артында өткөн жыйында россиялык аскерий учактардын 8-июлдагы Грузиянын аба мейкиндигине мыйзамсыз учуп кирүүсү талкууланды.

Грузиянын Улуттур Уюмундагы элчиси Ираклий Аласаниянын «Азаттык» үналгысынын грузин кызматына айтышынча, Коопсуздук Кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү Россиянын аракетин айыпташып, болочокто Грузиянын аба мейкиндигин бузбоого чакырышкан.

Алсаниянын сөзүнө караганда, грузин тарапта Абхазия жана Түштүк Осетия маселеси талкууланган кезде, Россиянын вето укугун пайдалануусуна жол бербөөгө жетишебиз деген үмүтү бар:

- Тартип боюнча, Коопсуздук Кеңешинде талаштуу окуя талкууланганда, эгер анын мүчөсү чатактын катышуучусу болсо, Кеңештин бийлиги чектелип калат. Жыйындан соң Россия чатактын бир катышуучусу деп таанылды деп айтканга али эрте. Менимче, биз бул багытта маанилүү биринчи кадамды жасадык, эми болочокто оң жылышка жетишүүбүз шарт.

Ырасмий Москва россиялык учактардын Түштүк Осетиянын аба мейкиндигине Тбилисиден уруксатсыз учуп киргенин ырастап, бул - Грузия жана Абхазия ортосундагы талаштуу аймактагы абалды курчутпоо максатында жасалды, деп билдирген.

Абхазия менен Түштүк Осетиянын жикчил жетекчиликтери болсо Грузияны бир катар бомба жардырууларды уюштуруп, аймактагы кырдаалды бейстабилдештирүүгө аракет кылды деп күнөөлөшкөн.

Россиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин Коопсуздук Кеңешин, Грузиянын «провокациялык аракеттерин» тыюуга жана Грузияны жикчил аймактар менен күч колдонбоо жөнүндө келишимин түзүүгө чакырган резолюция кабыл алууну сурады:

- Эң негизигиси: грузин тарапка жана башка жактарга Грузия провокациялык кадамдарын токтотсун деген зарурат кабардын жөнөтүлгөнү болду. Грузин тараптын биринчи кадамы - күч колдонбоо жөнүндөгү келишимге кол койбой жатканынын себебин түшүндүрүү болуш керек. Грузия-Абхазия маселесине келсек, эң алды грузин тарап Кодори өрөөнүндөгү күчтөрүн чыгарып кетиши зарыл.

Абхаз жикчилери Грузия менен түз сүйлөшүүдөн качышып, Кодори өрөөнүнөн грузиялык аскерлердин чыгып кетишин талап кылууда.

XS
SM
MD
LG