Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Өткөн аптанын аягында Кыргызстандын Коопсуздук кеңеш катчысынын жыйынында өлкөдөгү диний уюмдарда мыйзам тартиби так сакталбаганы белгиленди. Андан аз илгери Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга кетер алдында дин эркиндиги, диний уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун 1-окуудан кабыл алган. Айрым диний уюмдар жаңы мыйзам дин тутуу эркиндигин чектейт деп эсептешет.

Социологиялык иликтөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Кыргызстанда элдин диний аң-сезими кыйла өсүп, сурамжылоого катышкандардын теңине жакыны диний жөрөлгөлөрдү так сактай турушкандыктарын билдиришкен.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, ушу тапта Кыргызстанда 1600 ашуун мечит, 50 медресе, 50 жакын христиан дининдегилердин чиркөөсү, бир топ чокундук жайлары бар. Өлкөдө 1800 мусyлман, 300 жакын христиан диний уюмдары иштейт.

Айрым адистердин баамында, Кыргызстан үчүн өтө коркунучтуу жагдай дал ушул диний бөлүнүүчүлүктөн, улуттун ичара ажырымы ыйман баалуулуктарынан чыкканы туру. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин ырасташынча, кыргыздардын диний ажырымы аймактык бөлүштүрүүдөн да коркунучтуу чекке жакындап баратат.

- Мына кыргыздар, атеист кыргыздар барбыз, мусулман кыргыздар барбыз. Эми христиан кыргыздар чыгып жатат. Христиан кыргыздар болгондо да сектадагы кыргыздар болуп жатат. Алар ар кайсы сектадагы кыргыздар. Баптисттердин сектасы, Иса Машаяктын сектасы дегендерге 30 миң 40 миңдей кыргыздар кирип кеткен. Ошолор, келечекте ушул кыргыздар кантип бөлүнүшөт дегенди элестетип көрө аласызбы?

Саясат таануучу Айдарбек Көчкүнов алдагыдай диний ажырым, улуттун ичара жиктелүүсү коркунучтуу түргө айланып бараткан чакта чалкеш проблеманы чечүү милдетин бийлик өзүнө алышы керек деп эсептейт.

- Бизде мамлекетте экономикалык, саясий, социалдык, геосаясий коопсуздук маселеси кандай көтөрүлсө бул дин боюнча да мамлекетте так ошондой эле саясат керек.

Мамлекет динден, дин мамлекеттен ажыраганы менен толгон-токой социалдык проблемалардын төөбастысында калган карапайым калктын диний ишенимин саясий кызыкчылыктарга пайдалануу аракети ар качандан бир качан жасалып келген.

Эксперт Айыпкан Машраповдун пикиринде, диний араздашуу, ичара бөлүнүп-жарылуу көбүнесе бийлик төбөлдөрү тарабынан табылган коркунуч катары сыпатталып келатат.

- Кыргызстан Республикасынан мен диний экстремизмди да көргөнүм жок, сепаратизмди да көргөнүм жок бул жерден. Бирөө ажырап кетип атат дейт, бирөө бөлүнүп кетет дейт. Андай жок.

Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жаатында пайда болгон проблемалардын биртобу, саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин ырасташынча, предметти мыкты билген адистердин жоктугунда.

- Азыр эмне көп? Саясат таануучу көп, ислам таануучу көп. Бирок исламды терең изилдеген бир дагы окумуштуу Кыргызстанда жок.

Ушундай чалкеш маселени чечүүнүн бир амалы катары аткаруу бийлиги диний уюмдарды каттоо тартибин катуулатуу, административдик таасир көрсөтүүнүн сыналган ыкмаларын ишке киргизүү аракетин туура көрүүдө. Аны өкмөттүн дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Каныбек Осмоналиев мындайча түшүндүрөт.

- Азыр биз жашап жаткан мыйзамга ылайык эгер сиз диний уюм ачкыңыз келсе Кыргызстандын 10 адамынын колун топтойсуз. Ошону менен диний уюмду ачканга сиздин толук мүмкүнчүлүк, акыңыз бар. Эгер биздин агенттик же Адилет министрлиги сизди каттабай койсо аны сот аркылуу утуп аласыз. Ошол санды биз 200гө чыгардык.

Жаңы мыйзам тартибине ылайык бир динден экинчи динге көчкөн инсан андай ниет-тилегин диний уюм жетекчисине билдириши абзел. Бирок да алдагыдай жобонун иштеп кетишине дин тууралуу жаңы мыйзам авторлорунун деле толук ишеними жок. Антпейин десе өлкөдөгү диний кырдаал улам жаңы суроолорду жаратып, ага так жоопту талап кылууда.
XS
SM
MD
LG