Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:39

12:23 Сары-Челек мамлекеттик коругунун жумушчулары иш таштоосун токтото элек


Корукта иштеген 44 жумушчу менен илимий кызматкер иш таштоосун айлык маянаны көтөрүү талабы менен 21-июлда башташкан. Алар мындай талапты камтыган кайрылууну 22-июлда премьер-министр Игорь Чудинов, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев жана Каржы министри Тажикан Калимбетовага жолдошту. Алар кайрылуусунда 700-900 сомдук айлык зарылдыкка жараша күнү-түнү иштеген эмгектерине такыр дал келбестигин белгилешип, маянаны жогорулатууну жана туристтерге өз деңгээлинде кызмат көрсөтүү үчүн тиешелүү жабдуулар менен камсыз кылууну талап кылышты. Алар айлык маяна көбөйтүлбөсө иш ташташаарын райондук бийликке алдын-ала кабарлашкан жана бул талап аткарылмайынча нааразылык акциясынан баш тартпай тургандыктарын айтышууда. (BD,YA)

XS
SM
MD
LG