Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:55

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек “Азаттыктын” таңкы түз эфириндеги маектердин биринде өлкөдөгү диний кырдаалга байланыштуу белгилүү саясат таануучу Орозбек Молдалиев кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

- Соңку кездерде диний кырдаалга кооптонгон пикирлер көбүрөөк айтыла баштады. Сиздин баамыңызда чын эле кооптоно турган жагдайлар барбы?

- Кооптончу жагдайлар бар. Диний кырдаал көз жаздымда калып жатат. Көпчүлүгү саясатташып кетип эле калган чөйрөлөр көлөкөдө калып жатат. Анын бири бул - диний кырдаал болуп жатат. Дин боюнча мамлекеттик комитеттин кооптонуусунун негизи бар. Бул бир аз кечигүү менен болуп калды. Эми мыйзамга өзгөртүү киргизебиз дегени менен чынын айтканда ал мыйзам өзү деле жакшы иштеген жок. Эскирип да бүткөн. Диний кырдаал дегенде эле биз көнүп алганбыз, стреотип болуп калды, ислам жөнүндө эле сөз болуп калат. Исламда экстремисттер көбөйүп жаткан турбайбы, ислам терроризмге жардам берип жаткан турбай деп эле. Ошол абалдан пайдаланып азыркы биздин Кыргызстанда ар түрдүү диний секталар жайнап кетти. Бул секталардын ичинде деструктивдүү секталар көбүйүп кетти. Себеби дегенде, бизде каттоодон өтүп алыш жеңил. Мамлекеттик комиссияга барат, ал жерден эксперттер кол коюп берет. Анан барып эле каттоодон өтүп кетет. Мисалы, Казакстанда каттабаган секталарын Кыргызстанга ачып алып туруп, Казакстанда филиал кылып пайдаланган фактылар бар.

- Орозбек мырза, биздин өлкөдө башка агымдагы диний уюмдардын санынын көбөйүшү, алардын ишмердиги, калкынын 80 % ислам динин тутунат делген кыргыз коомчулугуна кандайдыр бир коркунуч туудурушу мүмкүнбү?

- Бул келечекте коркунуч туудура турган нерсе болуп саналат. Конфликтердин чети башталды. Мисалы, Нарын облусунда бир нече фактылар катталды. Эми сөзсүз эле ошондой конфиликтке жеткенге чейин үгүттөп отуруш керекпи деген маселе да туулат. Бул жөнүндө жергиликтүү каттоодон өткөргөндөр да кыйынчылыкка туш келип жатышта. Секталар башка жактан каттоодон өтүп алышып, кыргыздар жашаган айылдарга филиалдарын ачып алып иштеп жатышпайбы. Эми мунун кооптуу жагы, ушул кыргыздардын ичинде мусулмандар, ар кандай сектадагы кыргыздар арасында кийин ортосунда диний жик боюнча нааразычылык күчөп кетет бара-бара. Бир үйбүлөнүн ичинде бирин-бири жактырбай, ал сектада экенсиң деп жада калса балдарына нааразы болгон фактылар деле бар. Бирок алар ачыкка көп чыга элек. Келечектеги кооптонто турган маселе ушул болуп жатат.

- Ошол эле учурда өздөрүн ислам багытындабыз дешкен “Хизб-ут-Тахрир” сыяктуу тыюуу салынган уюмдардын таасири да күчөп бара жатканы, ушул уюмга тиешелүү материалдар, баракчалар менен кармалгандардын саны да улам көбөйүп жатканы байкалууда. Маселен, Бишкектеги борбордук мечиттен эле эки күн мурда “Хизб-ут-Тахрирге” тиешелүү материалдар менен бир Өзбекстандын жараны кармалганы кабарланып жатат. Бул уюмдун таасири чын эле артып бара жатабы сиздин оюңузча?

- Бул уюмдун таасир мурда түштүк региондо эле күчтүү болчу. Азыр болсо түндүк региндоруна да кеңири жайылып кетти. Ысык-Көл облусунда бул сектаны өзүнүн уюмдары бар. Нарынга да таратканга аракет кылып жатышат. Эми бул жерде биздин диний уюмдардын алы жетпей жатат. Экинчиден, бул жалаң эле мечитке жүктөп койгондо бул маселе чечилип калбайт. Бул мамлекеттик маанилүү маселе. Бул экстремизмге каршы күрөшүү иши. Элдин коопсуздугун сактоо деген бул мамлекеттин жумушу. Жакында коопсуздук комитетинин секретары кыдырып, бир топ таанышып чыгыптыр абал менен. Бул жакшы жөрөлгө экен. Бирок анын жыйынтыгы кандай болот. Маселе ошондо болуп жатпайбы. Бул мыйзам боюнча экстремисттик уюмду тыйып койсо эле ал тыйылып калбайт. Анын механизмдери жок болуп жатпайбы. Укук коргоо органдары аларды кармаганы менен андан ары аларды эмне кылыш керек деген маселе келип чыгат. Экспертизага берсе баракчасынын мааниси экстремизмге ылайык келбей калган баракча болуп калып эле ошол бойдон алар жазага тартылбай калып жатат.

- “Хизб-ут-Тахрир” сыяктуу уюмдардын таасиринин күчөп бара жатышынын негизги себептери эмнеде?

- Мунун себептери көп. Эң негизги себеби элдин ичинде, айрыкча жаштардын ичинде исаламга болгон түшүнүктүн начардыгынан болуп жатат. Жаштар ислам десе эле ислам бул “Хизб-ут тахрир” сыяктуу агымдар, ислам деген ушул турбайбы деп, ошол нукка түшүп кетип жатат.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG