Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Э.МОЛДОКУЛОВА: АСАНКАН АГАЙ ЭҢ ЧОҢ САЯПКЕР ЭЛЕ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Бүгүн атактуу дирижер СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз эл баатыры, кыргыздын таланттуу уулдарынын бири Асанкан Жумакматов акыркы сапарга узатылды. Маркумдун өмүрү чыгырамачылыгы тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда Эсенбүбү Молдокулова айтып берген эле.

- Сиздер маркум Асанкан Жумакматов менен бир канча жыл чогуу иштеп калдыңыздар. Окууну бүтүп, Опера жана балет театрына ишке келгенде, башкача айтканда 60-жылдарда ал киши Опера жана балет театрында башкы дирижер экен. Ошол күндөргө кылчайсак. Асанкан Жумакматовдун сиз сыяктуу жаш таланттарга жасаган мамилеси кандай эле?

- Кыргыз эли үчүн 2008-жыл абдан кыйын, чоң жоготуу жылы болуп калды. Жаңы эле Чыңгыз Айтматовду узатсак, эми минтип биздин эң чоң залкар, көрүнүктүү талантыбыздан айрылып отурабыз. Кайгырып турабыз. Бир гана кыргыз эли үчүн эмес, бүт Орусия боюнча чоң жоготуу болду деп айта алам. Себеби бул киши Советтер Союзунун эл артисти да болгон. Өзү болсо чоң залкар музыкант эле. Менин иштегениме 46 жыл болду. Бардык ролдорумду Асанкан агай менен аткардым эле. Жалаң жаштарды өстүрүп келген. Бул агай менен деги бир иштешпеген, роль аткарбаган адам жок болуш керек деп ойлойм.

- Демек, мыкты саяпкер болгон экен да?

- Эң чоң саяпкер болгон. Бизге анын карааны эле керек болчу. Туруп турса болмок. Бул киши 90 жашка чейин дирижерлук кылам деген эле. Ал эми кудайдан болуп калбадыбы.

- Маркумдун адамдык сапаттары тууралуу да айта кетсеңиз. Маркум Асанкан Жумакматов талант менен адамгерчиликти, адамгерчилик сапаттарды кандай айкалыштыра алды?

- Даражалуу адамдар эң эле жөнөкөй болот турбайбы. Бул киши эң жөнөкөй адам болгон. Жаш баладай кыялы бар эле. Бизден улуу болсо да бизге теңтушундай мамиле кылчу. Сырларын жашырбай айтып берчү. Баарыбызды өзүнүн үйбүлөсүндөй көрчү. Анын жан дүйнөсү жалаң эле музыка болчу. Жалаң музыка менен жашаган.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG