Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

15:56 Сентябрь айында кыргыз-орус басма сөзүнүн фестивалы болот


Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турусбек Мамашовдун “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, “Ысык-Көл-2008” деп аталган фестивалды туризм агенттиги, Маданият жана маалымат министрлиги жана президенттик администрация Орусиянын журналисттер союзу менен биргелешип өткөрөт. Анын негизги максаты Кыргызстандын туристтик жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен орусиялык басма сөз каражат өкүлдөрүн тааныштыруу. Туризм боюнча мамлекеттик агенттик “Кыргызстан туризмдин өлкөсү” деген программанын алкагында кыргыз-орус журналисттерин Кыргызстандын жаратылышы жана уникалдуу тарыхый жайлары менен тааныштырат. Андан тышкары эки өлкөнүн маалымат каражат каражаттарынын алакасын бекемдөө маселеси талкууланат. Фестивалга Орусиядан 100 журналист, Кыргызстандан бардык маалымат каражат өкүлдөрү чакырылат.(BD)

XS
SM
MD
LG