Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:31

Муса Мураталиев, Москва Согуштук кылмыштары үчүн кармалган босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражич, өзүн Гаагадагы трибуналга өткөрүп берүү боюнча белграддык соттун чечимине каршы апелляция жасай тургандыгын билдирди. Бул туурасында Каражичтин адвокаты айтты. Белградда шейшемби күнү кечинде Каражичти жактагандар менен полиция ортосунда кагылышуу чыгып, бир нече киши жарадар болуп, бир нече киши кармалган. Дүйнөлүк коомчулук босниялык сербдердин мурдагы лидеринин кармалышын жактырышууда. Каражич 13 жыл бою көздөн далдада жашап, карматпай келген. Ал 1992-1995-жылдары Боснияда орун алган согушта геноцидке жана башка кылмыштарга тиешеси бар деп айыпталууда.

Эл оозунда «Европалык Бен Ладен» атанган Радован Каражичтин артында анын мойнуна коюла турган кыйла күнөөсү бар экен. Агенттиктер жазганга ылайык, ал бийликте туруп өлкөнү башкаруу саясатын жүргүзгөн кезде Сребреницада жашаган жети миң босниялык мусулмандын көзү тазаланган.

Сараевону сербдик куралдуу күчтөр кырк төрт ай бою тороп, эч кимди киргизбей, чыгарбай согушкан учурда он төрт миң кишинин көзү тазаланган. Кийин БУУ алдында трибунал түзүлүп, ошол уюмдун чечими менен Каражич жана Младичти жоопко тартуу чечими чыккан.

Ушундай кине менен он үч жыл бою иликтөөдө жүрүп, акыры кармалган Каражичке Орусиянын жан тартуусу байкалууда.

Орусиянын тышкы иштер министри Лавров дагы бир жолу Гаага калаасындагы 1993-жылы уюшулган Эл аралык трибуналдын таркатылышы туурасында кеп козгоду. Анын себебин, Балкан жарым аралына жайгашкан өлкөлөр согуштук кылмышкерлерин өздөрү соттоого чамалары келип калганы менен түшүндүрдү.

Мамлекеттик сыналгы аркалуу айткан пикиринде, министр Сергей Лавров босниялык сербдердин мурдагы лидери Радован Каражичтин үстүнөн болуучу сот адилет болушун талап кылды:

- Эң башкысы, соттун жүрүшү объективдүү болушу керек, буга дейре трибуналдын ишкердигинде орун алган аны саясатташтыруу кайра да жасалбашы керек.

Анализчилер айтымында, Кремлдин Гаагадагы трибуналды сындашы жалган жерден болууда. Эмне дегенде БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечими менен – андай чечимди кезегинде Орусия да колдогон. Эл аралык трибунал бул жылдар арасы жүз элүүдөй аскер кылмышкерлердин үстүнөн сот ишин жүргүзгөн. Алардын арасында бир эле серб улутундагы адамдар эмес, хорваттар, босниялык мусулмандар, македондуктар жана албандар бар экени дайын.

Ошого карабай кийинки учурда Москва ал трибуналды сербдерге гана карашы иш жүргүзөт деп сындап келет. Кремлдин мындай жолго түшүшүнүн себебин саясий серепчи Артем Улунян мындайча түшүндүрөт:

- Кремль бул жерде Каражичтин өзүн эмес аны колдогондордун таламын талшууда. Бирок канча аркеттенбесин Орусия иш жүзүндө Балкан аралындагы өлкөлөрдү өзүнө чукулдата албай келет, болбосо Маскөө аларга арачы боло алмак.

Гаагадагы Эл аралык сот уюшулуп атканда ага добушун кошкон АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайттын айтымында, трибуналдын ишкердиги азыркы тушта кайра дал ошол серб эли үчүн өтө маанилүү. Анткени бул уюм кийинки жылдары дүйнөлүк коомчулугунун көзүнө жаман көрүнүп алган сербдердин демейки беделин кайра калыбына келтирүү үчүн абдан керек:

- Каражичтин кармалышы эл аралык адам укугун коргоочу системанын иштеп атканын күбөлөйт. Бул кабар Каражич жүргүзгөн этникалык тазалоо саясаттын запкысын жеген босния эли үчүн абдан маанилүү. Ошол эле учурда анын кармалышы - серб эли үчүн да жакшы кабар.
XS
SM
MD
LG