Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:35

07:25 Бүгүн “Замандаш” ассоциациясынын жыйыны аяктайт


Ассоциациянын коордиантору Айсулуу Алымбек кызынын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кечээки жыйында чет өлкөлөрдөгү кыргыз мигранттарына, негизинен Орусиядагы кыргыз мигранттарына байланышкан маселелер талкууланды. Ал эми бүгүн жыйындын катышуучулары ушул маселелерди аягына чейин иштеп чыгышып, анын жыйынтыгы боюнча чечимдер кабыл алынат. Конференцияда көтөрүлгөн маселелер, сунуштар президентке жана өкмөткө жолдонушу күтүлүүдө. Чет жатка иш алып барган кыргыз мигранттарынын башын кошкон “Замандаш” ассоциациясынын жыйынында Орусия, Италия, Түштүк Корея, Казакстан, Германия, Туркияда иштеген кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышууда. Ассоциациянын эки күндөн бери өтүп жаткан жыйынында кош жарандык алуу, пенсия, паспорт маселелериндеги проблемалар да козголгон.(MSu)

XS
SM
MD
LG