Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Р. Каражич БУУнун аскер кылмыштары боюнча трибуналында өзүн-өзү коргомокчу


Бул тууралуу анын адвокаты Светозар Вуячич билдирди. Дээрлик он үч жыл бою качып жүргөн Каражич ушул аптанын башында кармалган эле. Серб бийлигинин маалыматына ылайык, кесиби боюнча психолог Каражич камакка алынганга чейин жалган документтер менен бейтапканалардын биринде иштеп келген. 1992-95-жылдардагы согуш учурунда босниялык сербдердин лидери болгон Радован Каражич геноцид деп бааланган эки окуянын артында турганы үчүн айыпталып келүүдө. Сараево шаарын 43 айга созулган камалоо учурунда, маалыматтарга караганда, 12 миң адамдын өмүрү кыйылган. Ал эми Сребреница шаарында 1995-жылы 8 миң мусулман массалык түрдө кырылган.

XS
SM
MD
LG