Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:19

Быйыл жазда кабыл алынган Теле көрсөтүү жана радио уктуруулар жөнүндөгү жаңы мыйзамга олуттуу өзгөртүү, алымча-кошумчалар атайын жумушчу топ тарабынан даярдалды. Мамлекеттик, бейөкмөт, ошондой эле тележурналисттерден куралган жумушчу топ жаңы мыйзамга киргизилчү өзгөртүү-толуктоолорду даярдап, ушу тапта Маданият жана маалымат министрлигинин Маалымат кеңешинин кезектеги жыйынын күтүүдө. Айрым байкоочулардын айтуусунда, талкуудан өткөн соң долбоор мамлекет башчысына сунушталышы ыктымал.

Кыргызстандын Медиа өкүлү Илим Карыпбековдун ырасташынча, мыйзамда көрсөтүлгөн телерадио компанияларынын өзү даярдаган материалдары жалпы берүүнүн теңинен кем эмес, ошончолук эле өлчөмдө ал мамлекеттик тилде обого чыгарылышы жумушчу топтун жыйындарында өзгөчө көп талаш-тартыштарды жаратты.

- Жумушчу топтун мүчөлөрү ошол эле чектөөгө макул болушту. Бирок ал чектөөлөргө дароо эмес, бара-бара баруy туура болот деп чыгышты.

Телерадиочулар арасында чоң талашты чакырган маселе берүүлөрдүн теңинен кем эмеси кыргыз тилинде жүргүзүлүшү керек талабы болду. Мыйзам авторлорунун бири, парламент депутаты Ибрагим Жунусов алдагыдай чектөө кыргыз тилинин коомдук баркын көтөрүү аракетинен улам чыкты деп эсептейт.

- Өзүбүздүн тилибизди жоготуп жатсак. Улутубуздун негизги белгиси тил болуп жатса. Ошондой шартта туруп алып өзүбүз, ”кой, бул туура эмес экен” деп уруксат берип койгонубуз деле туура эмес.

Көз карандысыз тележурналист Александр Кулинский жумушчу топ мыйзам күчүнө кирген учурдан тарта 20% телерадионун өзүмдүк материалы, ошондой эле өлчөмдө кыргыз тилиндеги берүүлөрү болушу керектигин, кийинки жылдан тарта ал 10% көбөйүп отуруп үч жылдан кийин мыйзамдык 50% чегине жетерин маалымдады.

- Биз оголе көп каталарды, так баяндалбаган курулмаларды таптык. Алар телекөрсөтүүлөрдүн өнүгүшүнө шарт түзбөстөн, муунтуп жок кылат. Айрым жерлери өтөле чаржайыт, кээ бир беренелерди каалаган жакка бура берүүгө болот.

Жумушчу топтун мүчөлөрү талкууга алынган маселелердин текши баары боюнча орток пикирге келе алышкан жок. А.Кулинский принципиалду үч маселе боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү өзүнчө пикирлери менен калышканын айтты.

- Маселен, бул мыйзам сандык телекөрсөтүүнү да камтыйбы же аналог телекөрсөтүүнүн гана жол-жоболорун аныктайбы деген өзүнчө пикир бар. Ошондой эле өзүмдүк продукция менен өзүнчө берүүлөрдү өлчөөнүн кандай зарылдыгы бар деген пикир айтылды. Себеби экөө эки башка түшүнүк. Үчүнчү өзгөчө пикир телерадиону лицензиялоо үчүн гана өзүнчө бир мамлекеттик органды түзүүнүн зарылдыгы барбы суроосунан чыкты.

Жумушчу топтун сунушу боюнча лицензия берген мамлекеттик мекеме аны өзү кайтарып алалбайт. Талаштуу маселе сотто гана чечилет. Дагы бир чоң талаш чакырган проблема Улуттук телерадио корпорациясынын айланасында болду.

- Байкоочу кеңешке 30 адамды президент Жогорку Кеңешке сунуш кылат. Анын он бешин Жогорку Кеңеш тандап алып, ошол он беши Улуттук телерадиокорпорациянын башкы директорун шайлашы, бекитиши керек. Биз ошондой сунушту киргизип жатабыз. Бирок ал сунуш өзгөчө пикир катары кирип, жалпысынан жумушчу топтун мүчөлөрү андай сунушка макул болушкан жок, - дейт Медиа өкүл Илим Карыпбеков.

Парламент депутаты Ибрагим Жунусов жумушчу топтун алымча-кошумчасы жок эле телерадио компаниялар мыйзам талабын аткарыш амалында негизги иштерди аткарууга өтүшкөнүн маалымдады.

- Кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн журналисттерди, алыр баруучуларды издей башташты. Мен аны көрүп турам, сезип жатам. Эгер биз ушинтип койcок, мына дейт да.

Телерадио берүүлөр жөнүндөгү мыйзам биртоп электрондук маалымдоо каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын, саясий күчтөрдүн сынына туш болгон. Биринчи окууда кабыл алынган мыйзамдагы алешемдиктерди жок кылуу амалында түзүлгөн жумушчу топ ишин аягына чыгарып, сунушун билдирүүдө.
XS
SM
MD
LG