Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

САРАЕВО КАРАЖИЧТИН КАМАЛООСУНАН КАНТИП ӨТКӨН?


Босниялык сербдердин мурдагы жол башчысы Радован Каражич БУУнун согуш кылмыштары боюнча трибуналында өзүн-өзү коргомокчу. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди. Дээрлик он үч жыл бою качып жүргөн Каражич ушул аптанын башында кармалган эле. Ал айыпталып келген кандуу окуялардын бири - Сараево шаарынын камалоого алынып, аткыланышы. Анда кеминде он миңдей адам, анын ичинде бир миң жети жүздөй жаш бала өмүрүнөн айрылган.

Азыр "Азаттык жана Эркин Европа" үналгысынын Түштүк славян кызматын жетектеген кесиптешибиз Гордана Кнезевич ал кезде Сараеводо гезит редактору эле. Шаар тургуну катары өзү да баштан кечирген ошол оор күндөр менен жылдарды ал мындайча эскерет:

- Жашоо бир эле күн менен эсептелинип калынган, сиздин өткөнүңүз өчүрүлгөн, келечегиңиз жок. Эптеп сууга, бир нече грамм кантка жетүү, балдарды тоюндуруу өңдүү күнүмдүк көртирликтин түйшүктөрү менен гана алектенип, ар бир кечте дагы бир күндү ушинтип өткөргөнүңүзгө таңкаласыз.

Радован Каражичке баш ийген серб күчтөрү тарабынан Босниянын борбору Сараевонун камалоого алынышы азыркы замандын аскерий тарыхында мөөнөтү жагынан эң узакка созулган курчоо катары каралып жүрөт. Ал дээрлик төрт жылга 1992-жылдын апрелинен, 1996-жылдын февралына чейин уланган.

Согушка чейин Сараеводо улуттук курамы ар түркүн 650 миң адам жашачу. Босниядагы уруштун башталышы менен көп улуттуу шаардын тургундары сербдердин лидери Радован Каражич жана анын аскерий колбашчысы, генерал Ратко Младичтин жоокерлери тарабынан такай ыдык көрүп турду. Анын үстүнө Каражич менен Младичтин аскер күчтөрүнүн башкы штабдары Сербиянын Сараевого коңшу Пале деген аймагында жайгашкан эле.

Сараево курчоодо турган жылдары болсо шаардын айланасындагы дөңсөлөргө орнотулган артиллерия менен минемоттор ылдыйды көздөй каалоого жараша атылып турду. Чоң кишилер менен катар жаш балдар да дөңсөлөрдөн орун–очок алып алган снайперлердин огунун курмандыгы болуп жатты. Кесиптешибиз Гордана Кнезевич ошондой учурлардын бир тууралуу буларды айтат:

- Мен Белма ысымдуу үч жашар кызды эстеп жатам. Бакчада ойноп жаткан кезинде, Каражичтин адамдары - дөңсөдөгү снайпер тарабынан атып өлтүрүлгөн. Ошол кыздын атасынан интервью алганым эсимде. Мен эгер Каражичке жолугуп калса эмне дээрин сурагам. Ал, менимче, мындайга кантип колуң барды деп сурамакмын деген жообун узаткан.

Кесиптешибиз Гордана Кнезевичтин көз карашында, сербдердин Сараевону узакка камалоосунун түпкү жүйөөсү – шаардын көп улуттуу жамааты болгон:

- Алар Сараеводо жек көргөн факт - мусулмандар, хорваттар, сербдер бул жерде чогуу жашап, бирге каршылык көргөзгөнү эле. Бул көп улуттуу коомго каршы, адамдардын чогуу туруусуна каршы согуш болгон.

"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун Түштүк славян кызматынын башчысы Гордана Кнезевич кошумчалагандай, Сараевону камалоо кампаниясынын максаты - коркунучтан улам адамдар өз улуттук тайпасына гана ыктап, башкаларды жек көрүүсү үчүн алардын ар бирине зордук–зомбулук көргөзүү болгон. Мунун артында тургандар Сараево калкынын басымдуу бөлүгүн түзгөн мусулмандар, шаарда калган сербдерди кыра баштайт деп үмүттөнүшкөн. Жогорудагыдай жагдай Радован Каражичтин чырагына май тамызмак.

Бирок Сараевонун ийгилиги – анын көп улуттуу жамаатынын мындайга барбаганы. Мусулмандар, хорваттар, сербдер, жөөттөр бирге болуп, адамкерчилигин сактап калышты. Бирок мунун куну да арзанга турган жок. Кесиптешибиз Кнезевичтин айтымында, согуштун эң жаман мурасы – талкаланган тагдырлар.

Эл аралык коомчулук болсо Сараево курчоодо турган мезгилдин көбүндө натыйжасыздыгын көргөздү. 1995-жылы гана НАТОнун аба күчтөрү кийлигишип, сербдерди дөңсөлөрдөн сүйлөшүү столуна түшүрдү. Акырында АКШнын ортомчулугу менен Дейтон келишимине кол коюлуп, Сараевону камалоо 1996-жылдын 29-февралында токтогон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG