Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:59

“Комсомольская правда Казахстан” гезитине жарыяланган макаланы көчүрүп баскан “Борбор Азия” жаңылыктар кызматы жакында эле Токмоктун жанында болгон оор авария тууралуу акыркы маалыматты автобустун ичиндеги күбөлөрдүн айтып бергендери боюнча шардана кылды.

- Бостериден кечки саат сегизде чыкканбыз,- дейт Дима. - Автобустун айдоочусу дароо эле 110 километрлик ылдамдык менен айдап жөнөдү. Биз аны жолдо ката “акырын айдаңыз” деп эскертип келаттык, бирок уккан жок. Балыкчынын жанынан МАИ тосуп эскертүү берди. Ошондон бир жарым саат өтүп-өтпөй автобустун амартизатору сынып, жарга кулап кете жаздап токтодук. Сынган жерин оңдогуча жолдон Алматыга кетип бараткан автобустар көп эле чыкты. Алар каалоочулар болсо ала кетели деп жатышты. Каалагандар да болду. Бирок шофер акчаларын бербей койду. Анан сынган жерин оңдоп алып кайрадан айдап жөнөдү. Катуу айдагандыктан автобус оңго-солго чайпалып, сызып келатты. Акырын дегенибизге ал “бажыканадан тезирээк өтүп кетишим керек” деп жооп берди. Аңгыча катарымдагы Настя: “Акырын айдаңызчы, дагы жашагыбыз келет...” деп айтып оозун жыйгыча тарс-турс эле болуп кетти. Катуу кагылышкан окшодук. Мен кайдадыр учуп кеттим. Көзүмдү ачсам жанымда темирге денеси тең эки бөлүнгөн аял жатыптыр. Анан жардам келди. Шофер кимгедир 60 эле километр ылдамдык менен айдап келатканын айтып жатканын уктум,-деп эскерет Дима. Диманын жубайы Настя анын көз алдында жан берген. Макаланын аягында Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов авариянын себептерин майда-баратына дейре иликтеп чыгууга тапшырма бергенин, “Сетра” үлгүсүндөгү автобустун шоферу 40 жаштагы Чолпон-Аталык Алмазбек Абылаев аман-соо бойдон азыр Токмоктун убактылуу камоочу жайында абакта жатканын жазды.

Кыргызстандын Юстиция министри Марат Кайыпов кечээ кылмыш кодексиндеги көп аял алгандыгы үчүн жаза берүү статьясын алып салуу керек деп чыкты. Анын ою боюнча көп аял алуучулук кылмыш эмес. Министрдин айтымында, көп аял алуучулукка аялдардын өзүлөрү да каршы эмес. Статмаалыматка таянган М. Кайыпов 2007-жылы 39 миң 700 аял никесиз төрөгөнүн, ошентип Кыргызстанда жылына 30 миң наристе никесиз төрөлөрүн, өлкө эгемендикке ээ болгондон кийин 2ден, 3төн аял алган эркектер көбөйгөнүн, бирок анын экинчи, үчүнчү аялынан төрөлгөн балдар байбиченин балдарындай укутарга ээ эместигин, ошондуктан көп аял алган кылмыш дегенди алып таштаса эле эркектер аялдарын талаага таштабай каларын далил катары бетке кармады министр мырза. Муну “Акипресс” маалымат агенттиги таратты.

Ушул эле маалымат агенттиги Кыргызстандын эл артисттери Жамал Сейдакматова, Айтурган Темирова жана Кыргыз кинематографисттер союзунун мүчөсү Мария Абакирова аялымдан жапа чектим деп келаткан белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевди анын экс-жубайы Асел Айнидинованын чабуулунан коргоп калмай болушууда деп билдирди. Буга чейин Кыргызстандын айрым укук коргоочулары Болот Шамшиевдин өз жубайына жасап жаткан ороскел иштерин айыптап чыккан эле. “Биз укук коргоочулардын таланттуу адамга жасаган мындай мамилелерине каршыбыз, Болот Шамшиев эчкимге залалы жок, момун адам” деп айтты кинорежиссердун дагы бир экс-жубайы Айтурган Темирова.

Ал эми кино кызматкери Мария Абакирова болсо Болот Шамшиев дайыма ак сөөк адамдардын чөйрөсүндө болорун, анан андай чөйрөгө жубайы да аралашкысы келерин, кептин баары ушунда жатканын айтса, эл артисти Жамал Сейдакматова Болот Шамшиев таланттуу кыргыз элинин чыгаан уулу болорун, анын кинолору аркылуу кыргыздын улуу актерлору өсүп чыкканын белгилейт. Ошентип кечээ өзүнүн экс-жубайынан жапа чегип жатат деп эсептеген актриса айымдар маданияттын көрүнүктүү ишмери Болот Шамшиевди мурдагы аялы Асел Айнидиновадан сактап калуу үчүн өкмөттүн өзүнө чакырык ташташты.

Бишкекте Эларалык виртуалдык, түшүнүктүүрөк айтканда компьютердик аскердик машыгуу өтүп, буга Кыргызстан менен Казакстандын, Пакистан менен Тажикстандын, Ооганстан менен АКШнын коргоо күчтөрүнүн өкүлчүлүктөрү катышкандыгы белгилүү. “Борбор Азия” жаңылыктар кызматы бүгүн Бишкектин “Хаят” мейманканасында Америка Кошмо Штаттарынын борбордук аскер башчылыгы менен Кыргызстандын Коргоо министрлиги ушул машыгуунун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрөрүн кабарлады.

“Акипресс” маалымат агенттиги М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин демилгеси менен Кыргызстанда орус тилинин абалы, аны окутуунун ыкмалары, орус тилинин мектептер менен жогорку окуу жайларындагы актуалдуулугу деген теамалардын алкагында илимий-практикалык конференция ушул жылдын 17-18-ноябрында Бишкекте болгону жатканын, аны Россия Федерациясынын билим берүү жана илим боюнча Федералдык агенттиги өткөргөнү жатканын маалымдады.

Жыл башынан тартып Токтогул суу сактагычынан Казакстанга кое берилген 600 млн. кубометр сууну Өзбекстан Сыр-Дарыя аркылуу тоскоолдуксуз өткөрүп турууга убадасын берген. Бирок казак маалымат агенттиктеринин билдиргени боюнча Өзбекстан Казакстанга ушул жылдын 18-июлуна чейин сокур тамчы да суу бере элек, Кыргызстан болсо убадасында туруп, Казакстанга берилчү сууну токтотпой жөнөтүп жатат, акыры чыдамы кетип бүткөн Казакстан ордунан турууга аргасыз болду.

Казакстандын вице-премьери У. Шукеев тиешелүү ведомстволорго кат жолдоп, эгер мамлекеттер аралык келишимди бузуп, кимде ким ушундай тоң моюндугун уланта берсе биз Кыргызстандан кымбат алып келаткан электр энергиясын алууну токтотобуз, мындан Казакстан эле эмес, Өзбекстан менен Тажикстан да жапа чегет деп айтты. Ушундан кийин гана Өзбекстан тосуп алып кое бербей аткан сууну кое берди деп маалымдады “Кабар kg” маалымат агенттиги.

Ошол эле учурда коңшу-колоңдордун суу чуусу жөн эле саман өрттөнсө Самаркан өрттөндү деген болуп жатканын айтышууда. Маселен Кыргызстандын электр энергиясын кымбат сатып алып жатабыз деп казак туугандардын өпкөлөгөнү суу кечпеген кеп. Эгер дүйнөлүк баа менен салыштырса, кыргыз бечара казак тууганына жөн эле бекер свет берип жатканын көрсө болот. Суу-энергетика маселелери боюнча кыргыз эксперти Базарбай Мамбетовдун пикиринде мына ушундай абалды өз ыңгайына жараша пайдалануу менен Өзбекстан Борбор Азияда ким кожоюн экендигин көрсөткүсү келет. Баса Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн көбөйтүү үчүн Кыргызстан 1-августтан тартып электрэнергиясына кайрадан чектөөлөрдү киргизгени жатат. Кыргызстан Казакстанга суудан жардам берсе, казактар бизге мазут менен көмүрдөн жардам берүүдө. Кыскасы, Казакстан менен Өзбекстандын суу талаштан чыккан тирешүүсү бул аймакта суу маселеси барган сайын сооданын өзөгүнө жана саясаттын куралына айланап баратканын айтышат.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылга салыштырганда 4, 2 миллиард кубометрге аз. Суу проблемасы коңшу өлкөлөрдүн чегара райондорунда жашаган тургундардын арасында далай ирет чатакты жаратып келатканы жалпыга маалым. Мындай болгон соң Борбор Азия мамлекет башчылары бул маселени эртеңкиге калтырбастан ийри олтуруп, түз чечип алуулары өтө зарыл маселе деп баяндады “Кабар kg” маалымат агенттиги.
XS
SM
MD
LG