Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:44

12:40 Э.Иманкожоева вице спикер К.Исабековдун “Кумтөр” боюнча демилгесин колдойт


“Кумтөр” алтын кени боюнча 2005-жылдагы өкмөттүн токтомуна ылайык Барскоон кырсыгынан жабыр тарткан жергиликтүү элге жөлөк пулдарды төлөш керек эле. Учурда аталган компания бешинчи транш боюнча жөлөк пулдарды төлөбөй жатат. Анын себебин, өкмөттүк жаңы келишимдер кабыл алынбаганы менен түшүндүрүүдө, деп билдирди “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева бүгүн маалымат жыйынында. Анын айтымында, “Кумтөр” алтын кени боюнча өкмөттүн жаңы түзгөн комиссиясы жергиликтүү тургундар, коомдук уюмдар менен биргеликте иш алып барып, эки тараптуу келишимди ачык, айкын түзүүсү зарыл. Иманкожоева Жогорку Кеңештин вице-спикери Кубанычбек Исабековдун “Кумтөр” боюнча өкмөттүн токтомун 2003-жылдагы келишимге кайрадан алып баруу, лицензия берүүдөгү катачылыктарды жоюуу демилгесин колдой тургандыгын кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG