Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

Э.КАПТАГАЕВ: КООМ ӨЗҮН-ӨЗҮ ТЕСКЕМЕЙИНЧЕ ӨНҮГҮҮ БОЛБОЙТ


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Былтыр жазында уюшулган “Акыл Ордо” кеңеши жакын арада Ысык-Көл аймагында жыйындарды өткөрүүсү күтүлүүдө. Бирикменин иш-аракеттери жана жалпы эле өлкөдөгү коомдук саясий абалга байланышкан маселелердин тегерегинде ой-пикирин айтып, аталган уюмдун лидерлеринин бири, “Улуу Биримдик” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаев “Азаттыктын” таңкы түз обосунда маек куруп берди.

- Каркыра жайлоосуна байланышкан жазындагы чатактан кийин “Акыл Ордо” кеңешинин аты чыкпай кетти эле. Кеңеш жакын арада Ысык-Көлдө жыйын өткөрөөрү кабарланууда. Ал жыйында кандай маселелер каралмакчы?

- Ал Каркыра жайлоосу баарыбыздын жүрөгүбүздү эзген маселеге айланып калды. Анын тамыры терең. Биз андан кийин көлдө эле эмес бүт кыргыз аймагында коомдук өз алдынча башкаруу системалары, коомдоштурууну өз алдында уюштуруу, өзүн-өзү тескөө системасы боюнча абдан терең изилдөөлөрдү жүргүзүп, бир топ иштерди аткардык. Жакында Ак-Суу районунда кыргыз элинин салтына ылайык, илгерки коомдук өз алдынча уюштуруу системасына ылайык айылдык бий шайлоо, айылдын ички коомдогу иштерин уюштуруу маселесин өткөрүп бердик. Муну коомчулук билет. Биз ушул багытта өз ишибизди улап жатабыз.

Негизинен бул коомдун өз башкаруусу менен мамлекеттик башкаруусунун ортосундагы ажырымды эл жакшы билет. Коомдо айрыкча айыл ичинде мамлекеттик башкарууга тиешеси жок, мамлекет чече албаган көп маселелер бар. Алар да чечилбей келе жаткандыктан биздин терең ишенимибизде коом өз алдынча башкарууга өтмөйүнчө, коом өзүн-өзү тескеп, өзүн-өзү уюштурмайынча жалпы коомдук өнүгүү болбойт деп эсептейбиз.

- Мындай демилгелерди, иш-аракеттерди коомчулук кандай кабыл алып жатат?

- Чынын айтсак, коомчулук жакшы кабыл алып жатат. Анткени ар бир үй-бүлөө өзүнүн ички маселесин чечсе, ар бир айыл өзүнө тийиштүү маселени өзүлөрү чече баштаса, менин оюмча жалпы эле коомдо бир топ маселелер жеңилдеп, оңой чечиле баштайт.

Мисалы, айыл ичинде сууларды, жерлерди пайдалануу ошондой эле жаратылыш байлыктарын пайдалануу маселелери бар. Мына ушунун баары бул коомдун ички иши болуп эсептелет. Ошондой эле кыргыздын илгертен келе жаткан салты мисалы, өз ара жардам, өз ара колдоо салттары бар. Бул тууган ичинде дагы, айыл ичиндеги ынтымактын өзөгүн түзөт. Бул нерселердин баарын калыбына келтирсек, айыл ичинде өз ара жардам, өнүгүү фондулары түзүлсө, ар бир коомдоштуктун ичинде аталган фонддор түзүлсө, менин оюмча Кыргызстанда жакырчылыктын деңгээли азыраак болмок. Бул жагын эл жакшы эле кабыл алып жатышат.

- Бул демилге башка аймактарга да жайылабы?

- Биз концепталдык негиздерин камдап жатабыз. Муну биз мамлекеттик деңгээлде бир чоң тегерек үстөлдө талкууга алып чыгалы деп күз айларына камданып жатабыз. Ал талкууга эл аралык уюмдар катышса, биздин мамлекеттик структуралар катышса, биз өзүбүздүн баамыбызда кыргызга өзүнө таандык, өзүнүн коомдун түзүлүшүнө таандык, коомдук уюшуу системасын, коомдук башкаруу системасын, ошого байланыштуу эле мамлекеттик башкаруу системасын сунуш кылабыз го деп ойлоп турабыз.

- Эмил мырза, өлкөдөгү азыркы коомдук абалга байланыштуу да сөз кыла кетсек. Айрым саясатчылар күзүндө өлкөдө саясий абалга байланышкан жагдай курчушу ыктымалдыгын боолголоп жатышат. Сиздин оюңузча ошондой кырдаал түзүлүшү мүмкүнбү?

- Бул кырдаал негизинен келип эле энергетика маселесине такалат. Өзүбүз күбө болуп жатабыз. Азыр энерго секторго карата мамлекеттик саясатта жаңылыш, калпыс пикирди таңуулап жатпайбы. Бул энерго секторду менчиктештирүү же менчиктештирбөө деген. Менчиктеширүүнү жактаган бийлик тарабы бул жаңычыл көз караш, демократиялык, либералдык көз караш болуп, ал эми энерго секторду менчиктештирбейбиз дегендер бул артта калган, саясатты түшүнбөгөн көз караш катары көрсөтүү аракети болуп жатат. Чынына келгенде энерго сектор маселеси биздин улуттун тагдыры, мамлекеттин тагдыры. Буга байланыштуу кризис чыгып кетиши мүмкүн.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG