Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:07

Ы.ИМАНАЛИЕВ: МИГРАНТТАРДЫН КЫЙЛАСЫ БУТУНА ТУРГАН


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын башын бириктирген “Замандаш” ассоциациясынын Ысык-Көлдөгү жыйыны бүгүн жыйынтыкталат. Ага бир канча өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү катышууда. Ал жерде каралып жаткан жана жалпы эле кыргыз мигранттарына байланышкан маселелердин тегерегинде, Москвадагы кыргыздардын “Ала Тоо” аттуу уюмунун башчысынын орун басары Ырыскадыр Иманалиев кабарчыбыздын суроосуна жооп берди.

- Алгач жыйын тууралуу сөз кылсак. “Замандаштын” бүгүнкү жыйынында кандай чечимдер кабыл алынышы күтүлүүдө.

- “Замандаш” ассоциациясынын бүгүнкү жыйынында 4-августтан 6-августка чейин Воронеж шаарында Чолпонбай Түлөбердиевдин кубогуна карата спорттук оюндар болот. Аны кандай деңгээлде өткөрүү керек деген суроолордун айланасында сөз болмокчу.

- Кыргыз мигранттарына байланышкан маселелер боюнча өкмөткө сунуштар жолдоноору, ал сунуштар иштелип чыгышы тууралуу да айтылып жатат. Кандай сунуштар болоорунан кабарыңыз барбы?

- Биз кечээ күнү баардыгыбыз резолюция жаздык. Кандай сунуштар болуш керек деген. Кызматчы топ түзүлдү. Ал топ бүгүн жыйынтыгын айтышат. Бүгүн гана чечим чыгарабыз.

- Анда кыргыз мигранттарына байланышкан курч маселелер кайсылар болуп жатат.

- Эң эле негизги курч меселе бул экономикага токтоп жатабыз. Кантип кыргыз мигранттары өзүлөрү бул жакка инвестиция алып келишет. Ага карата жеңилдиктер берилеби деген. Эгерде албетте этникалык кыргыз болсо. Ушул маселе каралат. Завод, фабрика же болбосо кичи же ири ишканаларды курууга. Өзүбүздүн акчабыз менен келип өзүбүз курабыз.

- Демек, кыргыз мигранттары өз мекени тууралуу көбүрөөк ойлоно баштаган экен да?

- Ооба. Азыр ушул деңгээлге чыгып калды. Мурун болсо кичинекей проблемалар болсо, азыр чоң деңгээлге чыгып калды. Бул бизди аябай кубандырат.

- Жыйында чет өлкөдөгү кыргыз мигранттарынын абалына байланышкан маселелер да каралабы?

- Бүгүн жыйынтыгы билинет.

- Ырыскадыр мырза, “Замандаш” уюму мындай жыйындарды жети жылдан бери өткөрүп келет. Быйыл жетинчи жолу өтүп жаткан экен. Буга чейинки жыйындарда кабыл алынган чечимдерден канчалык натыйжа чыкты?

- Акыркы эки жылдын ичинде өкмөт тарабынан көп жыйынтыктар чыкты. Биз сунуштадык. Өкмөт аткарды. Мисалы, Россия менен мигрантар тууралуу макулдашуу, легалдаштыруу деген сыяктуу.

- Сиздердин “Ала Тоо” уюму кандай иштерди аткарат?

- Москва шаарындагы “Ала Тоо” уюму 2006-жылы июнь айында түзүлгөн. Москва шаарында кыргыздардын көпчүлүгүнөн ушундай уюмду түзүүгө туура келди. Биздин уюмдун негизги максаты, бул - социалдык укуктук жардам берүү, юридикалык кеңеш берүү болуп эсептелет.

- Маегинизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG