Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

14:30 Ж.Нуржанов менен С.Балкыбековго мамлекет башчы сөгүш жарыялады


Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Жумасарлык Нуржановго өлкө аймагына күйүүчү жана майлоочу май жеткирүүчү Газпром Нефть Азия компаниясына 2006-2007-жылы рентабелдүү пайызды кошпой, монополияга каршы агенттиктин реестрине киргизбегени үчүн президент Курманбек Бакиевдин сынына кабылды. Рентабелдүү пайыз кошулбаганынан аталган компания ар бир тонна күйүүчү майдан 75 долларга чейин пайда көрүп турган. Ошондой эле өлкө башчысы буга чейин өткөрүлгөн кышка даярдык боюнча штабдын кеңешмесине катышпагандыгы үчүн өндүрүш, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековго сөгүш жарыялады. Ал эми экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровду экономикалык анализ жасоо менен чектелип, январь айындагы өкмөттүн токтому кандай ишке ашырылып жатканы тууралуу сөз болбогонун айтып сынга алды. Бакиев жыйындагы өкмөттүн токтому жарабастыгын, аны бир жуманын ичинде президенттик администрация менен чогуу даярдоону табыштап, өкмөттүн жыйынын 31-июлда өткөрүүнү сунуштады. (AJ)

XS
SM
MD
LG