Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:36

16:30 Таластагы Бекмолдо айылдык кеңеши “Жерүйалтын” комбинатынын экологиялык коопсуздугу боюнча чечим кабыл алды


Аталган айылдык кеңештеги 13 депутат кабыл алган чечимде: “Жерүйалтын” комбинатынын болжолдуу долбоору боюнча өткөрүлгөн алгачкы бетачарын экологиялык коопсуздукка жооп бербегендиктен жалпы элдик чогулуштун негизинде жараксыз деп табуу, Кыргыз алтындын жетекчиси Алмаз Жакыпов он күндүк мөөнөттүн аралыгында Бекмолдо айыл өкмөтүнүн тургундарына “Жер үй алтын” комбинатын иштетүү жөнүндө толук маалымат берүүсү каралган. Ошондой эле “Жерүй алтын” кенинин илимий изилдөө иштерине көз карандысыз экологиялык эксперттерди тартуу, эгерде кыргыз мамлекетинин “Жерүйалтын” кенине берилген лицензиялык мөөнөтүнө чейин аткарылбаса ачык тендер өткөрүлүп, лицензия элдин жана кыргыз өкмөтүнүн талаптарына ылайык келген компанияга берилсин, деген талаптар коюлган. Бул тууралуу айылдык депутаттардын атынан Токтогул Абдыкадыров “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG